6 жаштагы Султай Чыңгыз кыргыз эли менен шахмат спорту боюнча чемпиондук ийгилигин бөлүштү.
"Биздин өлкөдө таланттуу балдар бар экенин 6 жашар Султай далилдеди. Ал 7 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында дүйнөдөгү 21 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан дүйнө биринчилигинде коло медалды утуп алды. Бул мелдеште Испания, Израил, Болгария, Орусия, Колумбия сыяктуу өлкөлөрдүн шахматчылары катышкан. Султайдын ийгилиги өлкө тарыхында биринчи жолу болууда", - деп билдирди Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов.
"Баламдын Румынияда өткөн дүйнө биринчилигине барып келишине шахмат федерациясы жакшы шарт түзүп берди. Уулум өзүнүн жаш курагы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү шахматчылардын катарына кирди. Ал 3 жашында үйрөнөм дегенинен үйрөткөн элем. Кийин 4 жашынан баштап мени менен ойной баштады. Кызыгуусу жогорулаган сайын шахмат боюнча машыктыруучуларга тапшырдым", - деп билдирди жаш спортчу Султайдын атасы Чыңгыз Абылкасымов.
Буга чейин жаш шахматчы Дубай, Ташкент, Сочи, Монголиядагы мелдештерге катышкан.