Кыргыз Эл артисти наамын алган Зейнеп Шакеева: "Үмүтүмдү үзүп койгон сыйлыкка ээ болдум"

Бүгүн, 12-июлда ырчы Зейнеп Шакеевага Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылды. Сыйлыкты Шакеева президент Алмазбек Атамбаевдин колунан мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынан алды.

"Бул сыйлык берилеби, берилбейби деп үмүт үзүп койгон элем. Ошол үмүтүм үзүлгөн сыйлыкты аларымды уккандан бери куттуктагандар көп. Мындай буйрук чыкканга чейин эле эл бериш керек деп көп айтчу. Абдан кубанып, толкунданып турам. Президент менен жолугушуунун өзү мага чоң дем берет. Мектепте окуган кезимден тартып ырдап 1976-жылы КРнын эмгек сиңирген артисти деген наамга татыган элем. 41 жылдан кийин Кыргыз Эл артисти наамын алып жатам. Азыр 63 жаштамын ырдап эле жүрөм, дагы да ырдай берем", - дейт ырчы.

Президент мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде Зейнеп Шакееванын кыргыз маданиятына кошкон салымына токтолду.

"Мына бүгүн сыйлык алууга эстрада ырчылары Зейнеп Шакеева, Алтынбек Сапаралиев да келип отурат. Бул абдан туура чечим. Анткени баарыбыз "18 жаш" чыгармасы менен чоңойдук. Жакшы чыгарма жаратуу өзүнчө жумуш, аны элге жеткирүүдө аткаруучунун орду чоң. Кезинде "18 жашты" орус тилдүү жарандар да ырдап калышчу", - деди президент сыйлык ээлерин куттуктаган сөзүндө.

Президенттин колунан 141 киши мамлекеттик сыйлык алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан