Финляндиянын Йоэнсуу шаарында 789 жылаңач адамдан турган топ бир учурда муздак сууга секирип, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылышты. Ilosaarirock музыкалык фестивалынын уюштуруучулары миңден ашуун жылаңач сүзүүчүлөрдү чогултууну көздөшкөн.
Ал үчүн фестивалга катышуу үчүн билет сатып алгандардын баарын чакырышкан. Бирок билеттердин баары сатылганына карабастан, чечинип сууга түшүүгө аз эле адам батынган. Видеонун эң соңку эпизоддору тартыларда акцияга катышууну каалагандар көбөйүп, алардын саны 789га жеткен. Көрсөткүч 2015-жылы 8-мартта австралиялыктар койгон рекорддон 3 кишиге ашкан.
Фестивалдын уюштуруучуларынын айтымында, жылаңач чумкугандар суунун ичинде 5 мүнөт туруш керек эле. Алар убакыт аяктаган соң суудан чыкпастан Финляндиянын гимнин аткарышкан. Бул рекордду "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү боюнча кат жөнөтүлгөн. Азырынча жооп келе электиги маалымдалган.