Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Оман курамасы менен беттешти.
Оюндун 1-таймында эки команда тең оюн көрсөттү. 1-таймдын кошумча мүнөтүндө Кыргыз курамасы сол канаттан чабуул жасап, атаандаштын дарбазасына топту узаткан. Анда Кыргыз курамасынын жарым коргоочусу Одилжон Абдрахманов атаандаштарынан бийик секирип, башы менен сокку жасап эсеп санын ачты.
61-мүнөттө Оман курамасынын чабуулчусу Мухсен Аль-Гасани топту дарбазачы Арстан Кудайбердиевдин үстүнөн ашырып эсеп санын теңей алды. Эсеп 1:1. Беттештин 81-мүнөтүндө Кыргыз жаш футболчулар ката кетирип Оман курамасына пенальти тепкенге жол берди. Аны Абдулла Аль-Акбари мыкты аткарып эсепти 2:1ге айлантты. 5 мүнөт өтпөй Мухсен Аль-Гасани менен Жамеель Аль-Яхмади бирден гол киргизип, эсепти 4:1 кылышты. Оюндун аягында Аль-Гасани жыйынтыктоочу гол киргизип эсепти 5:1 кылды.
Бул оюн менен "А" тайпасында Оман 3 упайга ээ болуп, 1-орунга көтөрүлдү. 2-орунда Иран курамасы жайгашкан. Эми 23-июлда саат 19:00дө Оман курамасы Иран менен беттешет .
Эске салсак, 19-июль күнү Кыргыз курамасы Иран менен беттешип 1:2 эсебинде жеңилген.