Канат Исаевдин иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү

Депутат Канат Исаевдин иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Назик Байгазинова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Канат Исаевдин ишин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карайт.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан