11 жыл 6 айга кесилген Садыр Жапаровдун жактоочусу шаардык сотко арызданат

Бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү чыгарды. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов бул өкүмдүн үстүнөн шаардык сотко кайрыларын айтты.

"Сот Садыр Жапаровду Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Бирок Каптагаев өзү сотко келип, башынан аягына чейин катышып, "мени барымтага алууга Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок" деп аны актап берүүнү суранган. Сот Каптагаевдин өтүнүчүн эске алган жок", - деди адвокат.

"Соттун өкүмү мыйзамсыз, негизсиз. Эч кандай далилге таянбаган чечим болду. Биз апелляциялык тартипте даттанабыз", - деди Токтосунов.

Аталган райондук сот чыгарган өкүмгө ылайык, Жапаров "адамды өлтүрүүнү уюштуруу", "бийлик өкүлдөрүнө каршылык жасоону уюштуруу" жана "бейбаштык" беренелери боюнча толук акталды, ал эми "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сот жараяны судья Эмил Каиповдун төрагалыгынын астында өткөн. Мамлекеттик айыптоочу Садыр Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Айта кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
raykray
2017-08-02 19:41:31
Ашанын партиыясынан же Бабанов болсо точно олот КР,
+17
toktor89
2017-08-02 19:50:00
raykray, да так точно
+6
R_u_S
2017-08-02 19:46:46
Шаардык сотко деле ишенич жок
+12
Gulnyr19
2017-08-02 19:52:07
Эми ушинтип ак жерден кесилип кете береби адамдар уяты жоктор ылайым Аллах озу жазаласын силерди Оомийн
+15
bakulya2015
2017-08-02 20:29:21
Эл карап турбашыбыз керек караныздар уятта далили жок эле эмне деген шериендечилик. Биз эл биригип ызуучу салып башка олкого уят болбой шайлоо убагы келгенде ойлонуп шайласак болду. Эн негизгиси Аллах бар. Мен эч бир саясатта иштегендердин бирининда тууганы болбойм бирок аябайм куйом ушундай жалган жала жаап ушунткендери учун. Мындай карасаныздар эл учун куйгон ким бар ар ким озу менен элди ойлогон жан жок бул камактагы 3 инсандын айыбы эмне дейин десек далили жок бул кантип болсун эми сот.
+11
ZHYRGAl1412
2017-08-02 20:44:04
Шаардык соттон деле пайда жок андан коро умутунду узуп тошокту калын салып жата бер
-11
ZHYRGAl1412
2017-08-02 20:44:52
Текенида камап салгыла тезирак маарата бербей кичине кулак тынчысын
-16
Aidani
2017-08-02 22:05:33
ZHYRGAl1412, Теке сенин огородунун чобун оттодубу Теке бар учун ушинтип кенее суйлоп жазып атканыны унутпа
+6
ZHYRGAl1412
2017-08-02 22:45:25
Aidani,кенен сулоп курсагын тойобу сенин айтчы мага теке бир ишкылдыле кыргызстан учун деп тили менен эле сайрайт ХХХ
-1
admin_superstan
2017-08-03 11:11:47
ZHYRGAl1412, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
asanova1984aida
2017-08-02 21:09:04
Өкүнүчтүү
+2
evra_kg
2017-08-02 21:13:37
Мировой сотко кайырлсанарда колубуздан бале келбейт кичине ойлонуп дунгуроткулочу сураныч эчкандай далили жок адамдарды соттоп жататко шаардык сотунар эмне кылат эле
+1
nur...nur.
2017-08-02 22:30:36
Уяты жок бийлик ушуну кылмак акыры Алмаз уяты жок адам экенсин коркок бийлик сенен да кетет анан коросун коргулукту бей куноо камап
+2
Akyl78.1501
2017-08-02 22:42:33
Пайдасы жок шаардык соттунда Кыргызстан боюнча бүт соттор падышага карайт. Падыша Жапаровтун Текебаевтин 10-15 жыл эс алуусун каалап жатат бирок экөөтең чыгат эки жылда шайлоо өтүп алсын балким эмки жылга чыгып калышыда мүмкүн.
+2
Lewa90
2017-08-02 23:20:06
Ак ийилет бирок сынбайт Эл которулот окшойбуз.
+2
Fatimka
2017-08-02 23:23:39
Адилетсиз соттор силердин келечегинер карангы, келечегинерге озунор балта чаптынар. АША кетсин! Силерге Аллахтын наалаты болсун. Кудайдан деле коркпой калыпсынар .
+3
nursiyanur
2017-08-03 02:19:39
Бирөөгө ор казсаң өтө чуңкур казба,өзүң түшүп калышың толук мүмкүн,деген жакшыыыы сөздөрдү унутта калтырышкангоооооо дейм
0
nursiyanur
2017-08-03 02:20:35
Ак ийилет бирок сынбайт.Канчалык ийилген сайын кимдин ким экен билинет
+2
Aruwka.89
2017-08-03 08:05:51
Кызык текебаев канча жылга кесилеер экен?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан