14 жыл мурун Казакстанга иш издеп кеткен боюнча дайынсыз болуп жүргөн адам табылганын Акыйкатчы институтунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну институтка кайрылып, Ош облусунда жашаган 51 жаштагы агасы 2002-2003-жылдары Казакстанга жумуш издөөгө кетип ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын, аны издөөгө жардам берүүнү суранган.
Тургундун айтымында, 2017-жылдын февралында агасы Алматы облусунун Чилик районунун аймагында экендиги тууралуу маалымат алган. Бирок анын жашаган дареги жөнүндө маалымат так эмес болгон.
Акыйкатчы институтунун өтүнүчү менен Алматы шаарындагы консулдук ал адамды тапкан. Бирок табылган адам Казакстанда үй-бүлө күтүп алгандыктан Кыргыз жерине келүүдөн баш тарткан. Консулдуктун өкүлдөрү ал өз мекенине кайтууну кааласа, документтерди даярдап бере турганын билдиришкен.