Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков өкмөттүн жаңы курамын жана программасын депутаттарга сунуштады.
Анын айтымында, программанын аталышы "Жаңы доорго 40 кадам". "Бул 5 жылдык программа 1 айдын ичинде жазылган. Ал президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясынын негизинде даярдалган. Бул программа стратегия менен бир нукта кетет", - деди Исаков.
Андан соң ал депутаттарга өкмөттүн жаңы курамын сунуштады.
Өкмөттүн сунушталган курамы:
– Премьер-министр – Сапар Исаков;
– Биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов;
– Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Дүйшөнбек Зилалиев;
– Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Жумакадыров;
– Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова;
– Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
– Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова;
– Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Нурханбек Момуналиев;
– Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
– Маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;
– Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов;
– Ички иштер министри – Улан Исраилов;
– Юстиция министри – Уран Ахметов;
– Каржы министри – Адылбек Касымалиев;
– Экономика министри – Артем Новиков;
– Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;
– Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев;
– Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Абдил Сегизбаев;
– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов;
– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов;
– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Мирбек Касымкулов.