Бүгүн, 7-сентябрда саат 10:00дөн баштап SUPER.KG'нин түз эфиринде жакында эле "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган ырчы Самара Каримова конокто болот. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары жөнүндө кызыктырган суроолоруңузду узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.