Ош шаарынын күнү 4-5-октябрь күндөрү салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаар күнүнө арналган майрамдык салтанатта "Сулайман-Тоо" тынчтыктын жана ынтымактын символу акциясы, өспүрүмдөрдүн өздүк көркөм чыгармачылык жарышы, төкмө акындардын айтышы, айыл чарба форуму, айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү, ошондой эле айыл чарба өндүрүштөрүнүн жарманкеси уюштурулат. Мындан сырткары спорттук оюндар өткөрүлөт.
Майрамдык иш-чаралар 4-5-октябрь күндөрү белгиленет.