Мадумаров менен Бекназаров КТРКнын дебатына катышты

Бүгүн, 3-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаровдун катышуусунда дебат өттү.

Анда алгачкы 1-мүнөттө талапкерлер шайлоочуларга кайрылуу жасады.

Талапкерлер алып баруучу тарабынан башкаруу системи тууралуу суроосуна жооп берди.

Бекназаров: “Ата-бабаларыбыз өзүнүн мамлекеттүүлүгүн кантип кармап келсе, ошол жолду изилдеп, ошол жолго өтүшүбүз керек. Батыштан келген кеңешчилердин кеңеши менен авторитардык режимди куруп алдык. Бир адамдын, президенттин башкаруу системин орнотуп алдык”, - деди. Ошону менен катар эле ал элдик курултай системин киргизүү тууралуу айтты.

Мадумаров: “Кыргыз мамлекетине кандай башкаруу керек дегенге баш катыруунун кажети жок. Жеке Мадумаров президенттик башкаруу керек дегенде оң, сол тарабынан дагы сокку жеген. Бирок чындык биз тарапта экенин тарых далилдеди. Бактылуу элге бир башчы, бактысыз элге миң башчы деп акылмандар айткан”, - дейт.

Алып баруучу талапкерлерге Кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты келечекте кандай болуусу керек деген суроо узатты.

Бекназаровдун айтымында, сырткы саясат бардык мамлекеттер менен суверендүү, эгемендүү, көз карандысыз байланышта болушу абзел. Ал коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиледе болуу керек экенин билдирди. Эгемендүү саясат жүргүзүү зарыл экенин кошумчалады.

Мадумаров: “Ким өзүнө кандай мамиле кылса, башкалар дагы ошондой мамиле кылат. Эгерде биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды сактасак, ошондой мамиле кылат”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан