"Назарбаев тууралуу эмоцияга алдырып айтканым туура эмес болгон окшойт" дейт Атамбаев

Бүгүн, 18-октябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында студенттерге стипендия тапшыруу аземинде сүйлөп жатып Кыргыз-Казакстан мамилелеринин абалы тууралуу айтты.

“Кыргыз мамлекетинин бардык соода экспорттук жолдору Казакстан аркылуу өтөт" деп Казак аткаминерлери айтып жатышат. Биздин башка да коңшуларыбыз бар. Коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен мамилебиз абдан жакшы”, - деди президент.

“Менин Казакстандын президенти тууралуу эмоционалдуу айтканым туура эмес болгон окшойт. Мен ал тууралуу ошол күнү эле ойлонгом. Казак президенти өзүнүн айланасындагыларга ишеними бекем. Бул чөйрөдөгү адамдар олигархтар. Ал менимче, мен сыяктуу эле абдан ишенчээк окшойт”, - деп кошумчалады Атамбаев.

"Назарбаев тууралуу эмоцияга алдырып айтканым туура эмес болгон окшойт" дейт Атамбаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан