Камчы Сарыбаев: "Театрда айлык аз, ал жакта өз кесибин чындап сүйгөндөр гана иштейт"

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын Түз эфиринде белгилүү театр жана кино актёру Камчы Сарыбаевдин маеги башталат. Ар бир ролду ийине жеткире аткарган тамашакөй актёрго арнаган жакшы каалоо-тилектериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Камчы Сарыбаев берилген суроолорго түз эфир аркылуу жооп берет. Билдирүүлөрдү түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, калтырсаңыз болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00 Актёр Камчы Сарыбаев SUPER.KG порталынын Түз эфирине кечигүүдө.

15:20 Камчы Сарыбаевдин түз эфирдеги маеги башталды. Актёр кечигип калуусунун себебин түшүндүрүп берди.

"Театрда өзүмө бөлүнгөн ролду аткарып коюп, келгенче ушунча болуп кетти. Ал жакта айлык аз. Бирок жалаң гана өз кесибин сүйгөндөр иштейт. Мен да алар сыяктуу жашоомду театрсыз элестете албайм, себеби кичинемден актёр болууга кызыгып, бул кыялымды орундатуу үчүн болгон күчүмдү жумшагам", - дейт актёр.

15:25 Актёр балдары тууралуу айтып жатып "кызымды "4 тонналык алтыным" деп эркелетем. Аны үйдөн чыгарым менен эле сагына баштайм", - дейт.

15:30 "Улуу балам да менин жолумду жолдоп, актёрлукка кызыгат. Бир канча тасма, клиптерге тартылып жүрөт. Бир жолу экөөбүз чогуу роль жаратканбыз, бирок ал менден көбүрөөк гонорар алган", - дейт актёр.

15:34 Суроо: Кайсы тасма сизди атактуу кылды?

"Көпчүлүктүн эсинде "Боз салкындагы" "бүктөп коём" деген сөзүм калыптыр. Бул тасмада көп сөздөр сценарийде эмес, ошол жерде болуп жаткан нерселерден эле алынган".

15:37 Суроо: Башка актёрлордон өзгөчөлүгүңүз?

"Аны өзүм айта албайм. Өзгөчөлүгүм болбосо да, башкалардан айырмаланганга, аны берилген роль аркылуу көрсөтүүгө аракет кылам".

15:40 "Жүргөн жерде күлүп-жайнап, каткырып жүрүү керек. Кимге кандай мамиле жасасаң, сен да алардан ошондой жооп аласың. Андыктан кичинемден бери шайыр болууга аракет жасайм", - дейт актёр.

15:42 "Театрдагы балдар бири-бирибиз менен абдан ынтымактуубуз. Ай сайын кой союп, шерине уюштуруп турабыз. Ынтымагыбыз мындан ары арта берсин", - дейт актёр "Дем" театры тууралуу.

15:48 Актёр алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:54 Суроо: Тасмаларда көп сөгүнөсүз, чыныгы жашоодо кандай?

"Мен деле эл катары ичимдеги жаман эмоцияларды чыгарып салуу үчүн сөгүнүп коём. Бирок аша чапкан учурум болгон эмес. Бир аз жумшагыраак колдоном".

15:59 Суроо: Жакындарыңызга катуу сүйлөп алсаңыз кайра кантип көңүлүн аласыз?

"Мен чыдамкаймын. Көпкө чейин акырын, жай гана түшүндүрүүгө аракет кылам. Эгер таптакыр болбой калса абалга жараша мамиле жасайм. Бирок бир адамдан көңүлүм катуу калып калса, аны менен кайрадан мамиле түзө албайм".

16:02 Окурмандын "Соңку учурда тасмалардан көрүнбөй калдыңыз?" деген суроосуна "Тартылып эле жүрөм. Акыркы тартылган тасмаларды монтаждоо иштери жүрүп жатат. Жакында элге тартууланат", - деп жооп берди.

16:07 Окурмандын "Мынча энергияны каяктан аласыз?" деген суроосуна "Таң атпай жана тамак алдында муздак суу ичем. Анан жайында муздак сууга чайканып, кышкысын карга жуунуп коём. Ушул нерселер энергия берип турат", - деп жооп берди.

16:10 Суроо: Жубайыңыздын кайсы сапаттарын баалайсыз, ал эмне менен алектенет?

"Келинчегим абдан күчтүү аялзаты. Аны менен сыймыктанам. Ар дайым мени алга сүрөп турат. Тамактарды мыкты жасайт. Учурда жеке бизнеси менен алектенет", - дейт актёр.

16:18 Камчы Сарыбаевдин түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.


кошулду
Камчы Сарыбаев: "Уулум менин ролдорумду сындап турат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
wirintai27
2018-01-17 15:05:35
Кандайсыз Камчы байке.Сиз мыкты актерсуз.
Куйоосуно ачууланган келиндин образын жаратып беринизчи сураныч
+4
Azatbek83
2018-01-17 15:07:45
Бугун барбайт жумуштары коп.
-4
wirintai27
2018-01-17 15:15:42
Azatbek83,кошо жургондой суйлопсунор го
+3
Asel1Aikol
2018-01-17 15:16:53
wirintai27,☺☺☺☺
+2
bolot2017
2018-01-17 15:19:54
Саламатсызбы Камчы байке суйлошкон кыздарыныздын аттарыны эмес жон гана санын айтып койунуз ........... Рахмат
-2
monok2001
2018-01-17 16:33:59
Эн жаман коргон сапатыныз
+1
almanbetperm
2018-01-17 18:15:52
Жаман коп суроолорду берипсинер окуп буто албай жатам
0
surgeon777
2018-01-17 22:35:46
Онорунунуз оркундой берсин,ден-соолукта болунунуз,уй-булолук бакыт каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан