Турмуштун оор сыноосуна кабылып, жетим өсүп кичинесинен жакшылык көрбөгөн 65 жаштагы Алтын Отомбаеванын кейиштүү тагдыры менен SUPER.KG порталы таанышып кайтты. Айтымында, анын 10 баласы бар. Ага карабастан көчөдө күн кечирип, жарактан чыккан унаанын ичинде 2 жылдан бери жашайт. Мындан 2 жыл мурун Кара-Балтадагы 2 бөлмөлүү үйү өрттөнүп кетип, талаада калган. Балдарынын үйүнө барса, күйөө бала, келиндери батырбай, бүгүнкү күндө муздак темирдин ичинде жашап жатат.
"Менин 3 уул, 7 кызым бар. Алар да оор жумуштарда иштеп, кыйналып жашайт. Үй өрттөнүп кеткенден кийин кызымдын үйүндө турдум. Күйөө балам кызыма "энеңди, чычкандай кызыңды да багайын" деп ачууланып кийимин алып үйдөн чыгып кетти. Анткени кызымдын мурунку турмушунан бир кызы бар эле, кийин бул күйөөсү менен бир кыздуу болушту. Ошондон кийин балдарыма жүк болгум келбей, эскилиги жеткен унаанын ичинде жашайын деп чечтим. Бир балама орус улутундагы келин алып бергем. Алардын да жашоосуна аралашкым келбейт. Ден соолугум жакшы болсо, оокат-ашына жардам берет элем", - дейт ал.
Отомбаеванын колу-бутун үшүк алып кеткен. Анысы аз келгенсип жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Акчасы жок болгондуктан дарыгерлерге көрүнө элек. Жалгыз бой эне балдарын багам деп Кыргыз-Казак чек арасында оор жүктөрдү көтөрүп иштеп жүрүп инсультка кабылган.
"Дарыгерге көрүнөйүн десем акчам жок. Барсам эле акча сурап, кымбат дарыларды жазып берет. Ага акыбалым жетпейт. Акыркы жолу былтыр ооруканага жатып чыктым. Ага балдарым 7000 сом төлөгөнүн көрүп жүрөгүм ооруп, өзүмдү күнөөлөдүм. Балдарым өздөрү кыйналып жашап жатат. Алар кээде келип кабар алып, дары-дармегиме көмөктөшүп турат. Экинчи кызымдын баласынын жүрөгү ооруйт. Мен көчөдө жашасам да мейли, небереме операция жасатса эле болду. Жакында эле неберемди Москвага алып барып көрсөтүп келдик. Акчабыз эч нерсеге жеткен жок. Кымбат экен", - деген эне учурда гүл сатып иштейт.
Учурда Алтын Отомбаева Супу аттуу жигиттин кол астында гүл сатып иштеп, күнүнө 50 сом алат. Кээде азык-түлүгү жок, чай менен гана курсак тойгузат. Отомбаеванын ата-энеси кичинесинде эле каза болуп калган. Турмушка чыкканда да кыйынчылык күндөрдөн арылган эмес. Чабанга турмушка чыгып, ал койлорду жоготуп, ошол учурдагы тартиптин күчтүүлүгүнөн, камалып кетем деген коркунуч менен качып кеткен. Алтын Отомбаева күйөөсүнүн азабын кийин өзү тартып, сот жоопкерчилигине тартылып, сурак берген.
"Кичинемден жетим калып, бир да жакшылык көрбөй чоңойдум. Турмушка чыкканда кыйынчылыктан арылам го дегем. Бирок андай болгон жок. Күйөөм көп сандаган койду жоготуп алып, чиедей балдарым менен таштап качып кетти. Кийин мени суракка чакырып, камайбыз деп коркутушту. Колумда эмчектен чыга элек балам болгондуктан, эч нерсе кыла алышкан жок. Ачка калган күндөрүм болот. Бирок ага да көнүп калат экенсиң. Чыдасаң турмушту жеңесиң, чыдабасаң жеңилесиң", - деди Отомбаева сөзүн жыйынтыктап жатып.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Алтын Отомбаеванын байланыш телефону: 554 41 05 46.