Сот депутат Артыкбаевдин баш коргоо чарасын тандады

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык айып тагылды. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан