13 жашар өспүрүм зордуктады делген 6 жаштагы кыздын атасы: "Бала психикалык жактан жабыркайт, кызымдын оозуна арак куюп кордоптур..."

Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылында 13 жашар өспүрүм тарабынан ырайымсыз абалда зордукталды делген 6 жашар кыздын абалы дагы эле оор. Бул тууралуу кыздын атасы SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, кыз учурда Бишкектеги №3-балдар ооруканасында дарыланууда. Кыздын атасы баланын психикалык жактан ооруганын айтып, окуя тууралуу мындай деди.

“Ал күнү үйгө конок келген эле. Биз алар менен алаксып калыптырбыз. Кызыбыз короодо ойноп жүргөн, ал көрүнбөй калган соң издей баштадык. Сыртка чыгып кызыбызды шектүү баланын үйүнүн жанынан таптык. Кызымдын өңү боппоз, аябай корккон абалда экен. Мен дароо баланы издеп баштадым. Бирге ойногон балдардын айтымына караганда, кызым ойноп жатып мурду канап кеткен экен. Ага ошол өспүрүм бала жардам көрсөтөм деп ары көтөрүп кетиптир.

Ал кызымды ары алып барып, ага карата ырайымсыз түрдө зордук көрсөтүп денесин чийгилептир, оозуна арак куюптур. Дагы башка ыплас иштерди жасаптыр. Кызымдын ооруканага келгенине 6 күн болду. Абалы дагы эле жакшы эмес, жанына бирөөлөр келсе ыйлап, өзүн жаман сезип баштайт. Бүгүн медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмак, күтүп жатабыз. Кызыма зордук көрсөткөн бала психикалык жактан ооруйт деп каттоодо экен. Мындан улам укук коргоо органдары балага карата эч кандай чара көрүлбөйт дешүүдө. Учурда баланын ата-энеси сүйлөшүү үчүн үйгө келип жатышат. Биз сүйлөшпөйбүз дедик.

Алардын баласы психикалык жактан ооруйт экен деп чара көрбөй койгон туура эмес. Ал дагы буга окшогон жоруктарды жасашы мүмкүн. Азыр биздин айылда баары балдарын короого чыгарбай коркуп калышты. Мурда да ал бала башка балдарды уруп-соккон учурлар болгон экен”, - деди ал.

№3-балдар ооруканасынын дарыгерлери болсо министрлик жактан буйрук болгонун айтышып, кыздын абалы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.

Эске салсак, буга чейин Кызыл-Бирлик айылында 2011-жылы туулган Т.С. аттуу кыздын зордукталып ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабарланган.


кошулду
13 жашар өспүрүм тарабынан зордукталды делген 6 жашар кыздын абалы оор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
nargiz-sa
2018-06-25 17:28:02
Баланын ата-энесинин да жоопкерчилигин караш кк. Себеби бала озу деле 14жашка толо элек бала бойдон экен. Анан да психикалык жактан оорулуу болсо.
+11
Same
2018-06-25 17:34:31
Мурда псих деп учетто турса дагы бул иш боюнча жазасын алыш керек. Мындай адамдар коомго залалы тиет деген чечим менен эл арасына чыкпаш керек
+9
Same
2018-06-25 17:34:56
Кудайым шыпаа берсин кызга
+7
Matahara1980
2018-06-25 18:58:55
Андай жиндилерди жиндиканага камап салыш керек омур бою, бала эмес балекет болсун
+7
Matahara1980
2018-06-25 19:08:34
Matahara1980,же андай жиндилердин жанында бироо постоянно журуш керек козомолдоп, бироону олтуруп койсо эмне болот, или анда да ой бул жинди бала болчу чара корулбойт деп оозунарды ачып отурасынарбы укук коргоо органдары макоолонуп? Кыйратып коргоп атыпсынар анда элдин укугун эшектер
+6
Pamirlan
2018-06-25 19:11:07
13жашар бала зордуктаганды каяктан билет. Же интернеттен көрдү бекен
+4
Rasul94
2018-06-25 19:20:11
Pamirlan,мен да ошого тан калып атам. Озу да ХХХХХХХХ болсо
+2
fanatka19
2018-06-25 19:37:56
Псих болсо ага карата кылмыш козголбосо анда аны жиндиканага камаш керек да же эмне псих жазалаганга болбойт деп элге кошуп коюп аркимди олтурсо деле мейлиби.
+6
Rasul94
2018-06-25 20:49:27
Ал ХХХХХХХХХХ керек. 13 жашында ушинтип атат дагы 10жылдан кийин коп кызгалдактарды соолутат бекер
+5
Bekboloooot
2018-06-26 00:05:49
Кандай гана өкүнүчтүү!!!

Бала псих болобу башка болобу аны баары бир камоо керек же атасын же энесин камоо абзел..

Эмне аймакта псих деп учетто деп иш козголбойюу ыя?!
ХХХХХХХХХХ аймактык милиция!!!

Жап жаш 6 жашар кызды ошентип атышат ал кантип өмүр сүрөт бул зордуктоонун айынан ал кыз бүт өмүрүн коркуп жашап калат апээй?!

Ойлонбойсуңарбы?! Камагыла же ХХХХХХХХХХХ эртең эле психтыгын кылып бирөөнү өлтүрсөда тим койосу
+2
Malik92
2018-06-26 08:38:14
Псих деп камалбай калса,биздин кылмышкерлерге Кудай берип салбайбы?Кылмышты жасап коюп мен псих элем деп журо беришет.Депуттатарыбыз соттолсо "Касал"-деген справканы алып,андан нары Россия,Турцияга качып жатышат.Биздин балдарды кандай келечек кутуп жатат деп кыжаалат деле болуп буттук.
0
Batma08
2018-06-26 08:51:02
Тооба кылдым дегиле туугандар.
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-26 10:40:02
Психикалык жактан жабыркагандар кылмыш кылса жоопкерчиликтен бошотулат дегенди алып салса болбойбу?
0
AKCAHAT
2018-06-26 10:55:56
ХХХХХХХХХХХ .Бул псих чонойсо маньяк болот далайын кууратат. 13 жашында 6 ж кызды зордоду дегени эмнеси? Чонойсо олтуротко бул кыз дегенди бастыра койбой. Мындай оорукчандар ХХХХХХХХХХХХ
+1
Sonya302712
2018-06-26 11:15:10
Ай чырактай кыздын тагдырын талкалаган акмак. Мындай психтерди коомдон алыс кармаш керек!
0
SweetLady
2018-06-26 13:39:18
Чара коруш керек псих экен деп эле тим койбой. Чонойсо эртен точно бир адамдын башын жейт азыр эле ушундай болуп жатса. Же ата-энеси козомолдобойбу баласынын оорукчан экенин билип туруп. Эмнеге короого чыгарат. Чыгарса карабайбы контролдоп? Срочно чара коруш керек.
0
Nuri1988Elim2010
2018-06-26 15:02:21
Неге ушул учетто турат ага чара корулбойт деше берет.Даарылатсын,дайым бироо козомолго алсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан