Өкмөт сунуштаган токтомго ылайык ар бир жаран телефонун каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом төлөйт

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу аталган комитеттин тараткан маалыматында айтылат.

Ага ылайык, ар бир байланыш телефондору каттоодон өткөрүлөт. "Тагыраак айтканда, ар бир сырттан келген жана өлкөдөгү жарандар колдонгон телефондордун IMEI-кодун мамлекеттик идентификациялоо системинин каттоосуна киргизүү иши жүргүзүлө баштайт. Жаран өз телефонун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом каражат төлөшү керек болот. Бул токтом долбоорунун максаты - өлкөгө мыйзамсыз жол менен келип жаткан телефондорду токтотуу. Ошондой эле токтом долбоор телефон уурдатуунун алдын алат", - деп жазылат маалыматта.

Мекеменин кошумчалаганы боюнча, мындай практика Армения, Түркияда ийгиликтүү иштеп келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
madina.87
2018-07-24 10:52:53
Уландын өлүмүн алаксытуу максатында коомдук талкууга ушуну ойлоп таптынарбы жепжуттаттар!!!
Акча үчүн өлүп баратасынар, каяктан акча чогулушту билбей. ар бир жаранда телефон бар.ошончо миллиондогон акчаны эмне кыласынар???
Оюңарга келгенди оттой бергиле,
+8
Azat.97
2018-07-24 10:53:26
Бул премьер соройубуз дагы эмнени кымбаттаткантат ыя?
+3
Tolkun555
2018-07-24 10:54:51
Абулгазиев капа болбо сен тез эле премерликтен кетет окшойсун.
+8
Chagylgan1
2018-07-24 10:59:18
Кечоо сууну кымбаттатыш керек деп чыккан дооруп, бугун телефонго салык киргизет имиш. Эртен дем алып жаткан абага да акча толоп калат окшойбуз бул жепжутарларга.....
+6
nemo2016
2018-07-24 11:02:51
дача суудагы телефондун ээсин табып ошону каттоодон откоруп 100сомдон толотсонор жетет силерге
+7
Dalil
2018-07-24 11:13:30
Бул министр элдин эсебинен мамлекетти байытам десе адашат. Эртең четте иштеген мигранттар ар бир которгон акчасынан процент төлөшү керек деп да чыгат бул кетишинде. Эмнеге четтен келген гранттарга завод фабрика куруп, мамлекет үчүн киреше берчүү иштерди жасабайт? Себеби парламентте жана аткаруу бийлигинде жалаң ишкерлер жана бизнесмендер отурат. Алар өздөрүнө эч качан күчтүү конкурент келтирбейт. Өзүбүздө заводдор иштесе иш орундар да болмок.
+5
Dalil
2018-07-24 11:21:56
Азыркы тапта мамлекеттин негизги булагы эмне? Албетте карапайым калктан өнгөн салыктар. Аткаминерлердин көптөгөн киреше булактары катталбай эч кандай саллык төлөбөй иштеп жатканы баарына маалым. Жөнөкөй жаран кенедей дүкөнчө ачып үлгүрбөй салыкчылар барат. Бул министр ажодон кийин эконом класс менен Ошко учуп артынан өзүнүн брондолгон унаалары атайын Бишкектен барганда эле түңүлгөм.
+4
Malik92
2018-07-24 11:23:00
Келгиле анда карапайым эл дагы "Жепжутаттарга"-шарт коелу.Мамлекеттин эсебинен квартира,автоуна,Ак үйдөгү кресло үчүн силер да акча төлөгүлө анда.
+1
Mital.89
2018-07-24 11:25:33
Конкретно мамлекет учун бир нерсени ойлошсо болмок. Кайдагы эми телефонго жармашпай. Ушунчп онуккон мамлекеттерда телефондорун каттодон откорбосо керек. Койчуман кооп болсо кой арам олот деген болдук.
+1
aerforce
2018-07-24 11:30:05
Эптеп элди тонош керек миллиондон жеп даже 20сом стоянкага толобогон чоңдорго кыйын болотко телефонунан 100сом алса
+1
Chagylgan1
2018-07-24 11:45:44
Бул Абулгазиев 2 айдан бери элди кантип тоноонун устундо баш катырып отурдубу?!!

Бийликке келгенден бери бир да жакшы иши жок, эми каяктагы салыктарды айтат...

Эл симкартасын каттатып жатат, ошого шугур кылгыла. Телефонду каттасанар бир нерсе озгоруп кетмек беле, кийин телефон жоголуп издесенер да imei коду менен издейсинер. Анда эмне кереги бар каттоонун?!!

Ачыгын эле айтпайсынарбы, элди тонош керек болуп жатат деп.......
+5
Pandora
2018-07-24 11:59:32
Ким сырттан телефон алып келет,баягы эле байкуш мигрантта!!! Эптеп эле карапайым элдин акчасын алып чонтокторуно салмай.Мен каршымын!!! Жоголуп кетсе ким таап берет? Атана бар,энене бар,эртеге кел,бурсугуну кел деп омупун отот.
+3
Mr.enriiko
2018-07-24 16:20:14
Телефон саткандар толосунда алар алып киришет. Карапайым эл толобойтго
0
tilek121277
2018-07-24 17:39:48
рекеттерден болуп алды окшойм биздин мамлекет карапайым элди только тономой
+1
nelli
2018-07-24 19:46:58
Акча керек болуп атат, 33 гектар жерге хан сарай салыш керек. Ошонун акчасын 100 дон топтоп бергиле деп эле айткылачы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан