КҮНСОБОЛ: Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи? Казынаны толтуруунун башка жолу жокпу?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

23-июлда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра карап чыгууну тапшырды. Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. SUPER.KG порталы "Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи?" деген собол салды.

АЙНАКУЛОВ: "Таза суу менен калкты толук камсыздай албай жатып баасын көтөрүү туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакуловдун пикиринде, элди таза суу менен камсыздабай жатып баасын көтөрүү - жаңылыш ой.

"Биринчи калкты суу менен толук камсыздайлы, анан тарифти көтөрүү жөнүндө маселеге өтүшүбүз керек. Казынага акча түшүрүүнүн башка да жолдору бар, элдин ичип жаткан суусунан казына толтуруу туура болбойт. Башка жолдорду табыш керек. Акаевдин убагында "Таза суу" долбооруна деп далай акчаны жеп салышты. Эми эптеп акча таап, элге таза суу жеткирүүнү ойлоп жатсак, бааны көтөрөбүз дешет. Айрым айылдарда калк арыктан ылай суу ичип жатат. Ошол эле учурда Бишкекте кадам сайын унаа жуучу жайлар иштеп, унааларды таза суу менен жууп жатышат. Сууга болгон бааны ошолорго көтөрүшүбүз керек", - деди Айнакулов.

ОРМОНОВ: "Таза сууга болгон бааны көтөрүүдөн мурун баарын терең изилдеп чыгуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов таза суунун тарифин жогорулатуу актуалдуу маселелердин бири экенине токтолду.

"Суу дегенде аккан суу жөнүндө сөз болуп жаткан жок да. Таза суу жөнүндө сөз болууда. Ичүүчү сууну жеткирүүдө чыгымдар жана башкалар болот. Бааны көтөрүүдөн мурун өкмөт терең изилдеш керек. Бааны көтөрүү Бишкек шаарындабы же бүт Кыргыз мамлекетинде болуп жатабы деген суроо бар. Сууну жеткирүүдө канча кызматкер иштейт? Алардын айлыгы канча? Мына ушуларды терең талдап, жалпы талкууга алып чыгып, элге түшүндүрүү зарыл. Баары такталгандан кийин тапшырма берсе болот. Мен деле суунун кымбатташына каршымын", - деди Ормонов.

ТИЛЛАЕВ: "Ичүүчү суунун тарифинин төмөндүгүнөн улам таза суу баркталбай жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев азыркы заманда ар бир нерсенин баасы болушу керек деген пикирде.

"Азыркы учурда элдин 40 пайыздан ашыгы таза суу менен камсыз болгон эмес. Буга суунун баасынын төмөндүгү, каржы булагынын жетишсиздиги жана таза сууну барктабаганыбыз себеп болууда. Суу бекер болгону үчүн эч ким барктабай, каалагандай колдонуп жатат. Менин оюмча, таза сууга татыктуу, эл кыйналбаган, аз эмес баа коюлса жакшы болмок. Ошого жараша мамиле жасалмак. Эскирген түтүктөрдү алмаштырганга жана башка иштерге жумшаганга каражат болмок", - деди Тиллаев.

АЛТЫБАЕВА: "Ичүүчү сууга болгон бааны көтөрбөш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева таза суу маселеси өлкөдө эң биринчи көйгөй экенин белгилөө менен таза сууга болгон бааны көтөрүү туура эместигин айтты.

"Бул абдан татаал жана маанилүү маселе. Ичүүчү суу - Кыргыз жериндеги эң биринчи көйгөйлөрдүн бири. Айрым айылдарда таза суу маселеси, сугат маселеси көп көйгөйлөрдү жаратат. Ошондой эле таза суу көйгөйү биздин балдарыбыздын, келечек муунубуздун саламаттыгы менен байланыштуу. Тилекке каршы, биздин өлкө таза суунун кени болгону менен, айрым айылдарда суу жетишсиз.

Менин оюмча, сууга болгон бааны элге көтөрбөш керек. Биз, парламент, элге таза суу жеткирүү үчүн акча бөлдүрүүгө даярбыз. Суунун баасын көтөрүүнүн ордуна, мисалы, алтын кенине болгон бааны көтөрүү зарыл. Себеби алар таза суу менен алтын жуушат. Ошондой эле ар түрдүү өндүрүш ишканалары бар. Ошолорго жогорулатуу зарыл. Сөзүмдүн аягында айтып коёюн, элге бааны көтөрбөш керек", - деди Алтыбаева.

ЧОРОЕВ: "Сууга болгон баа көтөрүлсө, жаңы конуштагылар кыйналат"

Экономист Кубан Чороев суунун баасы көтөрүлсө, жаңы конуштарда жана жер үйдө жашаган тургундардын капчыгына зыян алып келет деген пикирде.

"Анткени алар көп кабаттуу үйдөгүлөргө караганда муздак сууну көп колдонушат. Жаңы конуштарда жана жер үйдө жашагандар үчүн короо жайды сугаруу системи жок. Алар ичип жаткан крандан короо жайдагы гүлдөрүн, жашылча жемиштерин сугарышат.
Чынын айтканда, "суунун баасын жогорулатардан мурун эмне үчүн бааны көтөрүү керек" деген суроого так жооп болуусу абзел. Элден чогулган акча инфраструктураларды түзүү жана кайра калыбына келтирүү иштерине жетпей жаткан болсо, анда өкмөт аргасыздан ушул кадамга барып жатат. Тагыраак айтсам, бул "Бишкексууканал" башкармалыгынын көйгөйү. Анткени аталган ишкана өзүн жаңылоого чамасы жетпейт", - деди Чороев.

ӨМҮРАЛИЕВА: "Өкмөт суунун баасын көтөрүүдөн мурда ар бир үйгө суу эсептегичтерди коюп берсин"

Укук коргоочу Калича Өмүралиева билдиргендей, өлкө аймактарында сууга болгон тариф ар кандай. "Өкмөт Бишкек шаары үчүн гана тапшырма берип жатат окшойт. Бишкек шаарындагы көп үйлөрдө суу эсептегичтер жок. Ошол себептен шаар тургундары ай сайын бир адамга 5 метр куб суунун акысын төлөшөт. Биз муну эсептеп чыкканбыз, бир киши айына 5 метр куб сууну колдонбойт. Ашып барса 3 метр куб сууну колдонот экен. Ошондо өкмөт калган 2 метр куб суунун акчасын жөн эле алып жатат. Ал акча кайда жумшалууда. Мен өкмөттөн суунун баасын көтөрүүдөн мурун ар бир үйгө суу эсептегичтерди коюп берүүсүн суранат элем. Эсептегичтерди коюп чыкса, ошондо бирдиктүү баа чыгат. Суунун баасын кабыл алууда келтирилген чыгымдар баары так эсептелүүсү керек. Өкмөт башчынын сууга болгон тарифти жогорулатуу боюнча тапшырмасын жеке мен колдобойм", - деди Өмүралиева.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан