Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Башкы прокуратурага кайрадан арыз менен кайрылды

"Жогорку Кеңештин 3 депутаты Бишкек ЖЭБин жаңылоо келишимин жактырууда мыйзам бузууга жол беришкен", - деп мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу жактоочу өзү бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ошол кездеги Жогорку Кеңештеги жооптуу комитет башчылары ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимди эч кандай жеткиликтүү талкуулабай туруп шашылыш кабыл алышкан.

"Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин ошол кездеги төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрөгасынын ошол кездеги орун басары Каныбек Иманалиев жана Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрөгасынын ошол кездеги орун басары Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди шашылыш карап, талкуу жүргүзбөй, экспертиза дайындабастан туруп келишимди жактырышкан. Келишимди алар жок эле дегенде 1 ай карап анан жактырышы керек эле. Бул жерде алардын чечими регламентке каршы келип, мыйзам бузуу болуп саналат. Мен комитет жетекчилеринин ошол кездеги чечимине укуктук баа берилсин деп Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдым", - деди Токтакунов.

Ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максатсыз сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.

Июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aidartegin
2018-08-09 09:24:35
Чын эле Жогорку Кенештен эч ким жокко. Алар да кол коердун алдында ойлонуш керек да. Оз куноосун сезсин! Силер алып келдинер биз койдук деген болмок беле! Анда эмнеге эл окулу болуп жатасынар (Партия окулдору).
0
tular
2018-08-09 15:58:06
Куноолубу жоопко тартыосын!!! Ошол болмок беле, камап куноолусун деп жатса, кайра адвокат жалдап бет тырмаа кылганы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан