КҮНСОБОЛ: Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт? (толукталды)

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген собол салды.

ОРМОНОВ: "Өкмөткө карата сын-пикирлер көп айтылууда, бирок өкмөт жылдык отчёт бергенге чейин иштеши керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновдун айтымында, өкмөткө бериле турган суроолор көп. "Абылгазиев баштаган өкмөттү күзүндө чоң бир нерсе күтүшү мүмкүн эмес. Бирок парламентте көп суроо берилиши мүмкүн. Өкмөт күзүндө кышка карата даярдыктын отчётун берет. ЖЭБдин химиялык цехи бүгүнкү күнгө чейин даяр эмес деп угуп жатабыз. Аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөт эмне иштерди аткарып жатат? Социалдык объекттердин курулуш иштери качан бүтөт? Ушундай көйгөйлөрдүн баарын сурайбыз. Негизи өкмөткө карата сын-пикирлер көп эле айтылып жатат. Бирок өкмөт бир жылдык отчёт бергенге чейин иштеши керек", - деди Ормонов.

КУЛОВ: "Азыркы өкмөт коркуу менен иштеп жатат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов бүгүнкү күндө өкмөт чечкиндүү кадамдарга бара албай жатканын айтты. "Өкмөттүн азыркы ишинде кемчиликтер бар. Учурда Улуттук стратегия кабыл алынды, стратегия деген концепция сыяктуу да, ал эми бизде так, конкреттүү кадам болуш керек. Өкмөттүн ишинде азырынча андай кадамды көрө элекпиз. Пайдалуу, принципиалдуу маселе көтөрүп чыкса жакшы болот эле. Бирок эч бир министрдин идея менен чыкканын көрө элекмин. Баары унчукпай коркуп отурат, себеби кандайдыр бир чечим кабыл алса, эртең прокуратурадан келип текшерет, азыркы өкмөт коркуу менен иштеп жатат.

Өкмөт, өкмөт мүчөлөрүн алмаштырганда деле биз жаңы адамдар кандай программа менен келерин билбейбиз, талапкердин алгач программасын караш керек, анан кызматка алып келиш керек. Азыркы өкмөттүн тагдыры кандай болот белгисиз, курамды алмаштырып коюу менен маселе чечилбейт, талапкерди программа аркылуу тандаш керек. Ошондо мыкты адам келди деп айта алабыз", - деди Кулов.

ТӨЛӨНОВ: "Коомдо өкмөттүн дарегине сындар айтылууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов өкмөттү күзүндө эмне күтүп жатканы боюнча алдын ала айтууга болбой турганын эскертти. "Азыркы өкмөт программасы менен келген, биз аларды ошол программасы менен бекитип бергенбиз. Өкмөттүн ишине бир жылдык отчётуна карап баа берүү зарыл. Коомчулукта таза суунун тарифин көтөрүү боюнча сындар айтылып жатат. Суунун баасын көтөрүү боюнча талкуу болуп жатат. Чечим чыга элек. Бул маселе парламентке келет, биз өзүбүздүн пикирибизди айтабыз. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө боюнча дагы айрымдар каршы болууда. Бул төлөм жеке ишкерлерге коюлуп жаткандыктан, телефондун баасына таасир берет. Бул боюнча Жогорку Кеңеште дагы талкуу болот. Азырынча өкмөт жакшы же жаман иштеп жатат деп айтууга болбойт", - деди Төлөнов.

БУЛАТОВ: "Азыркы өкмөттөн жашоо шарттын жакшырышын, экономиканын өнүгүшүн күткөм, бирок андай болгон жок"

Укук коргоочу Качкын Булатов алдыга жылган бир дагы иш болгон жок деген пикирде. "Өкмөттөн кандайдыр бир жашоо шарттын жакшырышын, экономиканын өнүгүшүн күткөм. Тилекке каршы, эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бир дагы систем оңолгон жок. Ошондой эле сот системинде, укук коргоо органдарында, прокуратурада реформа жок. Баягы Акаев, Бакиев, Атамбаевдин заманындагыдай эле болуп жатат. Коррупцияга каршы күрөштө ЖЭБдин иш алкагында гана жүрүп жатат. Жаңы эч кандай иш жасалган жок. Алдыга жылууну көргөн жокмун", - деди Булатов.

АРГЫНБАЕВ: "Бүгүнкү өкмөт эптеп жашамай жолго түшүп алды"

Коомдук ишмер Сапар Аргынбаевдин пикиринде, учурдагы өкмөт эптемей күндү кечирип жатат. "Азыркы өкмөт мурунку өкмөттүн эле агымы, алар салган из менен бараткандай, жаңы жагдай ачылып жатса деле ага карата жаңы чечимдер кабыл алынган жок. Кадрдык дайындоолорду деле карап көрүп, командасы жокпу же атайын начар кадрларды коюп жатабы, начар кадрды коюунун артында эмне турат деген маселелерге такаласың. Бүгүнкү күндө реформанын жыты да жок болуп жатат. Өкмөт отставкага кетсе деле артынан өзгөрүү, жылыш жасай турган адам келеби, белгисиз, учурда Кыргыз өлкөсүндө реформа жасайм деген топ жок болууда, болсо да андай топторду уккусу келбей жатышат. Бүгүнкү күндө өкмөт эптеп жашамай жолго түшүп алды. Коомчулукта өкмөттүн ишине нааразычылык күчөсө, алмаштыра коюшат, эл унчукпай койсо, булар деле жүрө беришет", - деди Аргынбаев.

АКЫЛБЕК: "Азыркы өкмөттүн программасы түшүнүксүз"

Саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикиринде, азыркы өкмөт катарына күчтүү экономисттерди тартышы зарыл. "Азыркы өкмөттүн программасы түшүнүксүз болуп жатат. Иштегенине 5 ай болду, бирок премьер-министр катары кандай иш-чараларды өткөрөрү, өлкө үчүн кандай маанилүү стратегиялары бар экени белгисиз болууда. Убакыт өтүп жатат, бирок өкмөт тарабынан бир да олуттуу иш-чара аткарылган жок.

Премьер-министрдин тагдырын Жогорку Кеңеш күзүндө чечип берүүсү керек. Азыр чечкиндүү кадам жасашпаса, кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Өкмөт башка жактан каражат издеп, бюджетти толтуруунун ордуна элдин капчыгына көз артканы алардын алсыздыгын көрсөттү. Өкмөттүн "сууга болгон бааны кымбаттатабыз, салыкты 2,5 эсеге көтөрөбүз, ар бир телефондон 100 сомдон алуу керек" деген сунуштары элди нааразы кылды. Өкмөт отставкага кетиши толук мүмкүн. Премьер-министр күзүндө өкмөттүн структурасын өзгөртөм деген. Экономика боюнча күчтүү адистерди алып келбесе, тарыхта эң алсыз өкмөт катары калат", - деди Нурсултан Акылбек.

БЕКЕШЕВ: "Азыркы өкмөт иштөөгө аракет кылып жатат, бирок чоң, так кадамдарды жасаган жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "өкмөт күзүндө отставкага кетет" деген жөн эле айтылган сөздөр деген пикирде.

"Өкмөттү отставкага кетет дегендер бул маалыматты кимге таянып айтып жаткандарын билбейм. Мындай сөздөр болгон эмес. Өкмөт күнү-түнү иштеш керек. Экономикалык жылыштар жок. Абылгазиев өзү жакшы киши, бирок азырынча экономиканын өнүгүшү боюнча иш жасай элек. Өкмөт иштөөгө аракет кылып жатат. Бирок чоң, так кадамдарды жасаган жок. Айлыктарды көтөрөбүз деп жатат. Качан, канчага көтөрө турганын так айта албай жатышат", - деди Бекешев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан