КҮНСОБОЛ: "Көчмөндөр оюндары" дүйнөлүк масштабда Кыргыз элин даңазалаган жалгыз долбоор экенин мезгил көрсөттү. Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)
Кыргыз жергесинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, учурда бул долбоордун автору ким экени кызуу талкууда. I Көчмөндөр оюндары 2012-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өткөн. I жана II Көчмөндөр оюндары өтөр алдында көп сындар айтылып, Атамбаев бүт соккуну өзүнө алганда, бул долбоорду азыр мактап жаткан саясатчылардын көпчүлүгү унчуккан эмес. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн жалгыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор болгонун мезгил өзү далилдеп отурат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?" деген собол салды.
МОМБЕКОВ: "Каршы пикирлерге чыдап 1-2-көчмөндөр оюндарын өткөргөн Алмазбек Атамбаевдин салымын айтышыбыз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Көчмөндөр оюндарын бүгүнкүдөй брендге айланышына Алмазбек Атамбаевдин да салымы зор болгонун белгиледи.
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Кыргыз мамлекети бренд ала алды десек болот. Өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн жогорулатуу жагынан жакшы иш болду. “Бышкан ашка сынчы көп” дегендей, акыркы мезгилде Көчмөндөр оюндарынын авторлору көбөйдү. Айрымдар Асхат Акибаев десе, айрымдар Сапар Исаков деп жүрүшөт. Мен билгенден, Көчмөндөр оюндарын иштеп чыккан Максат Чакиев деген жигит болчу. Кийин ал жигиттин аты аталбай кетти.
I жана II Көчмөндөр оюндары өткөрүлбөсө III Оюндар ушундай максатка жетет беле, кеп ошондо. Биринчи өткөрүлүп жатканда канча каршылыкка карабай Алмазбек Атамбаев өткөргөн, экинчиси дагы саясий кырдаалга карабай өткөрүлдү, эл ыраазы болду. “Ала кушту атынан ата” дегендей, башында эң чоң эмгеги бар Максат Чакиевди, азыр айыпталып жаткан Сапар Исаковду, ошол учурда эмгек кылган мурунку өкмөттөгүлөрдү да белгилеп коюш керек.
Азыркы бийлик III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрдү, бул талашсыз маселе. Бирок Көчмөндөр оюндарынын калыптанып, ушундай жогорку деңгээлде өтүшүнө салымы бар адамдардын аттарын атабай жатканыбыз бир аз өкүндүрдү. Аттарын атап, белгилеп койсок деле болмок. Көчмөндөр оюндарынын калыптанышына негизги салымын кошуп, экономикалык кыйынчылыктарга карабай, канча каршы пикирлерге чыдап 1-2-көчмөндөр оюндарын өткөргөн Алмазбек Атамбаевдин аты аталышы керек. Жеңил болуп калгандан кийин жеңишке биз эле жеттик деген туура эмес”, - деди Момбеков.
РЫСПАЕВ: “Көчмөндөр оюндарын биринчилерден болуп ачкан адамга даңк”
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Көчмөндөр оюндарын эки жолу өткөргөн эмгегин эл биле турганын айтты.
“Көчмөндөр оюндары биз үчүн сыймык. Кыргыз мамлекети дүйнөгө дүңгүрөп таанылып жатат. Бул иш-чараны бир эмес, эки жолу өткөргөндөргө даңк. Бул эмгекти эл билет. Жакшы нерсени жакшы деп айтышыбыз керек. Кыргыз өлкөсүндө Көчмөндөр оюндары биринчилерден болуп ачылганы сыймык”, - деди Рыспаев.
ИКРАМОВ: “Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, намыс жана салтыбыз үчүн кеткен чыгашаларды эсептебеш керек”
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Көчмөндөр оюндары идеясын алып чыккан ошол кездеги бийликтегилерге ыраазычылык айтуу керектигин айтты.
“Көчмөндөр оюндары үчүнчү жолу өттү. Бул иш-чара аркылуу биздин салтыбыз, оюн-зоокторубуз даңазаланды. Көчмөндөр оюндарын уюштуруу идеясын ойлоп чыккан ошол учурдагы өкмөткө, бийликке даңк десе болот. Жакшы демилгени алып чыгышты. Намыс, салтыбыз үчүн кеткен чыгашаларды эсептебеш керек. Көчмөндөр оюндары тарыхта өзгөчө орду менен калганы үчүн сыймыктанабыз. Демилгечилерге ыраазычылыгыбызды билдирүүбүз зарыл”, - дейт Икрамов.
КАСЫМАЛИЕВА: "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ушул деңгээлге жетүүсүнө бардык уюштуруучулардын салымы бар"
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын айтымында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча чечим 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде кабыл алынганын айтып, ошондон бери уланып жатканын белгиледи.
“Бул жолу деле акча боюнча сындар болуп жатты. Көчмөндөр оюндарын 4 жылда бир өткөрүү керектигин айткандар болгон. Бул жолу Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп бердик, бул брендге айланганын байкадык. Иш-чаранын туризм, экономика тармагына кошкон салымы боюнча жакшы иликтөөлөр жүрүшү керек. Учурда андай иликтөөнү көрө элекмин. Көп турист келди. Туристтер эртеси эле эмес, бир жарым жылдан кийин дагы келиши мүмкүн. Анын пайдасын кантип эсептөө керектиги боюнча өкмөткө дагы ушундай тапшырма берилүүсү зарыл.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ушул деңгээлге жетүүсүнө бардык уюштуруучулардын салымы бар. Бул оюндар брендге айлана алды. Быйылкы жылы өткөн Көчмөндөр оюндары дагы жакшы өттү. Кээ бир адамдар уланбай калат деп да айтышкан, бирок өтүп жыйынтыкталды”, - дейт Касымалиева.
ЧАКИЕВ: "Атамбаев Көчмөндөр оюндарынын автору эмес"
Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев Көчмөндөр оюндарынын автору кыргыз эли экенин айтты.
"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарынын автору эмес. Ал болгону Кыргыз өлкөсүнүн атынан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин саммитинде бул оюндарды демилгелеген. Долбоордун автору мен да эмесмин, анткени оюндар кылымдар бою ойнолуп келген. Биз болгону кайра калыбына келтирип, ыңгайлаштырып, жакшыртканбыз. Көп адамдар оюндарды фестиваль сыяктуу ишке ашыргысы келген. Биз мамлекеттер аралык спорттук форматтагы иш-чара катары өткөрүүнү туура көргөнбүз. Олимпиадага альтернатива ойлоп табуу каалообуз мени жана кесиптештеримди "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" долбоорун түзүүгө түрткөн. Аны ишке ашырууга жалпы кыргыз эли жардам берген", - деди Чакиев.
КАРАСАРТОВА: “Көчмөндөр оюндарындагы Атамбаевдин ролу - президент болуп калгандыгы гана”
Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, Көчмөндөр оюндарындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ролу – президент болуп калгандыгы гана.
"Эки ирет Көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүндө Алмазбек Атамбаевдин ролу анын президент болуп калгандыгы гана. Кайсы президент болсо да бул долбоорго колдоо көрсөтмөк, тийиштүү иштерди жасамак, ошол эле акча кетмек. Болгону Атамбаевдин тушуна туура келип калды. Бул долбоор илгертеден даярдалып келе жаткан, анын өзгөчө деле ролу жок.
Учурда Көчмөндөр оюндарына башка өлкөнүн президенттери келди, оюн башка өлкөгө өткөрүп берилди, бул жакшы нерсе.
Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жергиликтүү бийликтин моюнуна түшкөн чоң маселе, биз үчүн той болгону менен алар үчүн жумуш, канчалаган чыгым кетет. Бир жагынан улутту даңазалаганы менен ошондой нерселерин ойлогондо жүрөк ооруйт", - деди Карасартова.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан