"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жеңүүчү компанияны аныктоого дагы кошумча убакыт керек болууда

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион жыйынтыкталып, биринчи этабында орусиялык "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы жеңүүчү аталган. Экинчи этабында ал компаниянын квалификациялык талаптары каралып, ушул жума жыйынтыгы чыкмак. Бирок Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Зирек Асанова дагы кошумча убакыт керек болуп жатканын SUPER.KG'ге 11-сентябрда кабарлады. Анын айтымында, компаниясы тарабынан сунушталган документ 2 миң барактан көп болуп жатат.

"Азыр комиссия тарабынан экинчи этабы каралып жатат. Мүмкүн болушунча тездик менен карап чыгуу пландалган. Бирок компания сунуштаган документ 2 миң барактан көп болуп жаткандыктан ишти сапаттуу аткаруу үчүн кошумча убакыт керек болуп жатат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдарына ылайык, сынактык билдирмелерди баалоо, аудиттин мөөнөтү жана келишим түзүү 30 календардык күнгө барабар. Ошондуктан мына ушул убакыт аралыгында карап чыгууга аракет көрүлөт. Эгерде дагы кошумча убакыт талап кылынса маалымдайбыз", - деди Асанова.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион 4-сентябрда эки торук менен өткөн. Көрсөтүлгөн 2,5 миллиард сомдон кайсы тарап аз сумма сунуштаса, анын шарттары жакшы болсо, долбоорду ошол тарап ишке ашырат.

Орусиялык компания 1-торукта 1 миллиард 125 миллион 765 миң сом, 2-торукта 1 миллиард 195 миллион 575 миң сом сунуштап, жеңүүчү болгон.

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2018-09-11 15:21:35
Оа кичине куто тургула,кимиси сол чонтоко кобуроок акча таштаса ошону женуучу атайсынар,ансыз чындык болбой калбайбы...
+1
Bazake
2018-09-11 16:14:26
Dembele84,Тендердин тартибин билип туруп суйлогулочу
-2
bekmirzach
2018-09-11 16:15:56
Коопсуз шаар долбоорун ишке ашыра турган адам табылыптырда. Буга чейин Сапар Исаков айтып элге сөз бергени менен ишке ашыралган эмес. аягында 4 камераны сайып койуп кетип калды.
+1
Natun
2018-09-11 16:04:50
Бабанов, андан кийин Исаков ишке ашыра албаган, жалган убадалар менен элди алдаган бул үлкөн долбоорду Абылгазиев ишке ашырганы калды
0
Erik2018
2018-09-11 16:07:20
Убакыт бөлүнүшү керек. Бизге сапаттуу иштин бүткөнү керек. Коопсуз шаар долбоору баарыбызга керек. Мындай долбоорго кылдат убакыт бөлүнүшү керек.
+1
Erik2018
2018-09-11 16:19:02
Иштин сапаттуу болушу үчүн убакыт керек
+1
tnz
2018-09-11 16:20:11
Женучу фирма ийгиликтуу ишке ашырат деп ишенебиз себеби бул компаниянын да ийгиликтери бар болгон учун орусияда иштеп журсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан