Коопсуздук кеңеши: "Бабанов боюнча тергөө иштери жүрүүдө"

"Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иши жүрүп жатат", - деп бүгүн, 12-сентябрда маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Сагынбаевдин белгилешинче, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат.

2017-жылы 4-ноябрда Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 30-декабрда ал саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.

Ал эми 28-мартта Өмүрбек Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан