Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.
Ал аталган инспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын арызын мекемелер аралык комиссия карап жатканын айтты.
"Алынган материалдардын негизинде аталган мекемеде эреже бузуулар болгондугу аныкталды. Учурда атайын комиссия түзүлүп, Мамбеталиеванын арызы каралып жатат. Жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот", - деди Сагынбаев.
Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган. Ошондой эле ал президентке кайрылуу да жолдогон. Президент Сооронбай Жээнбеков 26-августта Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган.
Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.