Таласта бычакталып каза болгон 3 балалуу келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Ал Казакстанга кете турган таксиден кармалды
Таласта 3 балалуу 25 жаштагы келиндин бычакталып өлтүрүлүшүнө шектелип анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү кечээ, 24-сентябрда Манас районунда Казакстанга кетчү таксиде отурган жеринен кармалган.
"Шектүү - 34 жашта. Аялы Талас шаарындагы апасынын үйүнө барып жашап жатканына аз гана убакыт болгон. Окуя болгон күнү жолдошу маркумдун үйүнө барып экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Чыр-чатакка кызганыч себеп болгон. Учурда шектүү камакка алынып тергөө иштери башталды", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, Талас облусунда 25 жаштагы үч баланын энеси бычакталып каза болгондугу маалымдалган.