КҮНСОБОЛ: Парламентте акыйкатчы шайланат. Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталы "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

БАКИРОВ: "Жогорку Кеңештин регламентинде эмне деп жазылса, парламент ошону менен иш алып барат"

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин регламенти боюнча акыйкатчы жабык добуш берүү менен шайлана турганын айтты.

"Акыйкатчы кызматына 5 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын иш аракеттери, көз караштары, программалары бар. Парламент депутаттарынын дагы өздөрүнүн позициясы, фракциялык чечимдери бар. Ошого ылайык, жабык добуш берүү менен депутаттардын эркин добуш берүүсү сакталат. Жогорку Кеңештин регламентинде эмне деп жазылса, парламент ошону менен иш алып барат", - деди Бакиров.

МАСАЛИЕВ: "Акыйкатчыны шайлоодо мыйзамда кандай талап болсо, ошондой өтүүсү зарыл"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев акыйкатчыны шайлоо ачык өтүшү керек деген туура эмес экенин айтты.

"Мыйзамда кандай талап болсо, ошондой өтөт. Акыйкатчыны шайлоо ачык добуш берүү менен өтүшү керек деген туура эмес. Бүгүн ачык өткөрүп, эртең кайра жабык өткөрүү деген болбойт. Каалагандай өзгөртүү киргизүү туура эмес. Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу абзел", - деди Масалиев.

АМАНБАЕВ: "Эл өкүлдөрү акыйкатчыны ачык шайласа туура болмок"

Экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин айтымында, шайлоо ачык өтүшү керек.

"Менин оюмча туура, акыйкатчыны шайлоону ачык өткөрүү зарыл. Шайлоо - атуулдарга берилген эң чоң укук, ал укукту туура колдонуш керек. Эл өкүлдөрү акыйкатчыны ачык шайласа туура болмок. Ошондо чыныгы акыйкат шайлоо болот деп айтса болот.

Акыйкатчы - Кыргыз мамлекетинин ар биринин укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзө турган Конституциялык бирден бир орган. Бул чоң мамлекеттик кызмат, ага келе жаткан адам таза болушу керек, эң башкысы - жеке принциби бар, бийликтен коркпогон адам болушу зарыл", - деди Аманбаев.

КАНАТБЕК АЗИЗ: "Акыйкатчыны шайлоо ачык өтсө, көпчүлүгү коркуп өзү каалаган талапкерге добуш бербейт"

Акыйкатчы кызматына талапкер Канатбек Азиз белгилегендей, мыйзамдын негизинде акыйкатчыны шайлоо жашыруун өтүшү керек.

"Акыйкатчыны шайлоо ачык өтсө, көбү коркуп өзү каалаган талапкерге добуш бербейт. Мыйзам боюнча добуш берүү жашыруун, бюллетень менен өтүшү шарт. Шайлоо ачык өтүшү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек болот. Бул демилгени сунуштап жаткандар акыйкатчыны шайлоодо депутаттар жоопкерчилигин моюнуна алышы керектигин максат кылышууда. Мыйзамда кандай жазылса, ошондой өтүүсү зарыл", - деди Канатбек Азиз.

КАРАСАРТОВА: "Акыйкатчыны шайлоодо канча депутат келсе, ошолор гана добуш бериши керек"

Акыйкатчылык кызматына талапкер Рита Карасартова шайлоо ачык өтүшү керек деген сунушту колдоо керек деген пикирде.

"Мурда акыйкатчыны шайлоодо добуш берүүдө мыйзам бузуулар көп болгон. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамында жашыруун добуш берүү өткөрүлөт деп жазылган. Жашыруун добуш берүү - эч ким сенин добушуңду көрбөш керек дегенди түшүндүрөт. 2015-жылы акыйкатчы шайланып жатканда кээ бир депутаттар өздөрүнүн бюллетендерин башка эл өкүлүнө таштап кетишкен. Мындай учурда ишеним кат иштебеши керек. Ар бир депутат өзү шайлоосу зарыл. Депутаттар бюллетенди көрсөтүп урнага салганын дагы көргөнбүз. Ал убакта депутаттарды баш көтөртпөй кармап турган учур болчу. 2015-жылы парламент жаңы эле иш баштап жаткан мезгил эле. Андан бери 3 жыл өттү, парламенттин курамы бышты, таза шайлоо өткөрөт го дегенге ишенгим келет. Эң негизгиси, жыйынга келбеген депутаттардын ордуна башка бирөөнүн добуш берүүсүн мыйзам бузуу деп эсептейм. Канча депутат келсе ошолор гана добуш бериши шарт", - дейт Карасартова.

МАМЫТОВ: "Акыйкатчыны шайлоо жабык же ачык түрүндө өтүшүн парламент чечет"

Акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов шайлоо мыйзамдын негизинде өтүшү керектигин айтты.

"Талапкер тарабынан парламентке "мындай кылгыла" деп айтылган туура эмес. Бул парламенттин иши, Жогорку Кеңеш өзү билет, өзү чечет. Шайлоо мыйзамдын негизинде өтүшү керек. Жабык түрүндө же ачык түрүндө өтөбү Жогорку Кеңеш чечиши керек", - дейт Мамытов.

ТУРДУКУЛОВ: "Акыйкатчыны шайлоо жабык өтсө, анда бийлик көрсөткөн талапкер утуп кетет"

Жарандык активист Адил Турдукулов кайсы депутат кимге добуш бергенин билүү үчүн акыйкатчыны шайлоо ачык болуш керек деген пикирде.

"Биз сөзсүз түрдө акыйкатчыны шайлоону ачык өткөрүүнү колдошубуз зарыл. Себеби мурунку акыйкатчы кантип шайланганы эсибизде, ал жерде шайлоо жабык түрдө өткөн жана жогору жактан бийликтин талапкерине добуш берүү жөнүндө тапшырма болгонуна баарыбыз күбө болгонбуз. Ошондой көрүнүш кайталанбаш үчүн депутаттар ачык добуш бериши керек. Акыйкатчы - бир гана парламенттин көзөмөлүндө эмес, элге кызмат кылуучу орган. Ошондуктан эл өзү шайлаган депутат кимге добуш бергени ачык болушу шарт. Ачык болсо акыйкаттуу жеңиш болот, жабык боло турган болсо, анда бийлик көрсөткөн талапкер утуп кетет. Шайлоо ачык болуусун жарандык коом талап кылабыз. Кайсы депутат, фракция кимге добуш бергенин коом ачык билиши керек. Азыр бизде мурдагыга караганда ачык шайлоо өткөрүүгө шарттар бар", - деди Турдукулов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан