Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Азамат Байматов Азия Кубогуна барбай калышы мүмкүн. Бул маалыматты спортчу SUPER.KG порталына тастыктады. Буга анын бутунан алган жаракаты себеп болууда.
"Азыркы тапта мен "Борнео" футболдук клубунда ойнойм. 2 ай мурун оюн учурунда жаракат алып бутума операция жасалган. Операциядан кийин калыпка келүү убактысы 5-6 айга чейин созулат экен. Мындан улам финалдык оюндарга катыша аламбы же жокпу азырынча белгисиз", - дейт футболчу.
Азия Кубогунун финалдык туру Бириккен Араб Эмираттарында 5-январдан 1-февралга чейин өтөт. Азия Кубогунда 24 команданын арасында 2 курама алгачкы ирет финалдык бөлүктө күч сынашат. Алар Кыргыз жана Филиппин курамалары.