Тогуз-Тородогу окуя боюнча Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда ЖЧК “Джи Эл Макмал Девелопинг” комбинатында болгон окуя боюнча 234-берене (бейбаштык) жана 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБинин Тергөө кызматынын өндүрүшүнө алып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иштери боюнча окуя болгон жерде массалык тартипсиздикке катышкан 21 адам сот жообуна тартылган.
"Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "массалык тартипсиздиктер", "бейбаштык", "жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу", "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" беренелери менен айып тагылууда.
Кылмыш иши боюнча учурда 19 шектүү үй камагында. Алардын арасында Көк-Ийрим айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты да бар. Калган кылмышка шектүү адамдарды, анын ичинде активдүү лидерлерин, негизги уюштуруучуларын аныктап жоопко тартуу максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп 2 жаран камакка алынган. 7-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы 1973-жылы туулган Ш.У. кылмышка шектүү катары жактоочусунун катышуусунда суракка алынган. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга 2 айлык мөөнөткө камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин 11-апрелде Тогуз-Торо районунун Казарман айылында миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болуп, аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулсун деген талап коюшкан. Митингдин жүрүшүндө ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага кайрылган. Андан сырткары жаңы курулуп жаткан комбинат өрттөлгөн.