Депутат Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабановдун чет өлкөдө жүргөнү боюнча президентке кайрылуу жасады

"Президент өлкө үчүн активдүү адамдарды бириктирип, иштеш керек деди". Мындай пикирин депутат Руслан Казакбаев парламент жыйынында айтып, президентке кайрылуу жолдоду.

Ал Сооронбай Жээнбековдун Таласка жасаган сапарында айткан сөзүн эске салып, Өмүрбек Бабановдун маселесин көтөрдү.

"Президент Таласта активдүү адамдарды бириктирип, иштөөгө даяр экенин айтты. Мен анын бул демилгесин колдойм. Президенттик шайлоо өткөнүнө 1 жыл болду. Оппозициядан Жээнбековго атаандаш талапкер катары чыккан Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 34 пайыз добушун алган болчу. Аягында шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, колдоп берди эле. Ал алгачкылардан болуп Сооронбай Жээнбековду куттуктаган. Шайлоодон кийин ден соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Өлкө стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашпады. Президентке өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан бул маселени өз көзөмөлүнө алып, карап берүүсүн суранам", - деди Казакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shumkar929292
2018-10-11 10:54:25
Бирин бирин чукуп жүргөндөн көрө башка иштерди кылышпайбы ошентип жүрүп убакыт өтөт анан мунун артынан иш козгодук буга минтик деп эле кылган ишинин дайыны жок алдыга кана карай басыш керек биздикилер аркада калган күндөрдү чукуп жүрүп күндөрү өтөт эч нерсе кылбай
+5
Bazake
2018-10-11 11:04:41
Токтотпойбу эми Руслан Казакбаев. Бабановдун приказын качанга чейин аткара берет. Бабанов саясаттан кеттим деп эркекче сөзүн берген. Анын кылмыш иши тергелип жатат. Президентти неге эле аралаштыра бересинер!?
+2
Natun
2018-10-11 11:04:59
Бабановду Атамбаев кодулаган эмес беле. Жээнбеков аны эч качан өзүнүн душманы катары септебесе керек. Бабанов шайлоо алдында казак президентине чөгөлөп, өзбек калкына барып убада бергенин эстеди бекен? Түштөн кийин калп эле өлүмүш болуп жалдырайт
0
aza84
2018-10-11 12:59:36
Негизи Бабанов татыктуу президентике келиш керек ал кыргызстанга
+1
titanik32
2018-10-11 13:06:30
Бабанов эми кайрылып келсин,үйдө сары кепкалары турат кийилбей өзү жок.Эми келсе биз да көчөгө кийип чыккыбыз келет.
+6
555-777
2018-10-11 16:29:20
Балапан мекенини сагынгангой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан