Бишкектеги дүң базарларда картошка менен пияздын баасы 8 сом. Эмгеги акталбай калган дыйкандар буга эмне дешет (репортаж)

Бишкектеги дүң базарларда картошканын баасы 8 сомдон 10 сомго чейин сатылууда. Ал эми таалада жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында анын баасы болгону 5-6 сом гана болууда. Мындан улам базардагы дыйкандар эмгеги акталбай калгандарына нараазы.

Борбордогу "Сары-Өзөн" базарында былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл пияз, сарымсак жана картошка арзан сатылууда. Сатуучулар базарда сарымсактар чирип өтпөй жатканын айтса, картошка менен пияз быйыл эмгекти актабаганын, анын үстүнө сууктун эрте келиши үшүк жүрүү коркунучун туудуруп жатканын айткан дыйкандар өкмөт бир чара көрүп берсе деген ойдо.

Саида Абдраимова Нарын облусунун Кочкор районунан аталган базарга картошкасын сатуу үчүн келген. Анын айтымында, Кочкордо картошканын баасы 5 сомдон. Мындан улам аз да болсо акча болсун деген сатуучу түшүмүн КамАЗга жүктөп келип 8-9 сомдон сатып жатканын айтат.

"Быйыл түшүм арзан бааланып жатат. Алыскы райондон келип бул жакта сатып жатам, бирок өткөн деле жок. Анткени базарда картошка көп. Антейин десең, түшүм деле аз болду. Быйыл 1 гектардан 20 тоннадан түшүм алсак, былтыр 25-30 тоннадан кем эмес жыйналган. Чыгым акталган жок. Себеби биз сугатка, аны отогонго, кайра казганга киши жалдап иштетебиз", - дейт Абдраимова.

Ошол эле базарда тонналап пияздар өтпөй жатканын өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Дүң баасы 8-9 сомдон. Сатуучулар бул баа өтө арзан экенин айтып баштарын чайкашат. Атайын пияз сатылган жерге барганыбызда кызыл каптарда жыйылган пияздар гана болбосо сатуучусу да, алуучу да жок.

Базарда көп жылдан бери сарымсак, пияз жана картошканы дүңүнөн алып, чеккене баада саткан Рахат айымдын айтымында быйылкы түшүмдөр башка өлкөгө экспорттолбой жатканын айтат.

"Баалардын түшүп кетишин мамлекет көзөмөлгө алса болмок. Анткени быйылкы жылы биздеги түшүм КМШ мамлекеттерине экспорттолгон жок да. Кайра бизге алып келинип жатпайбы? Анан кайдан кымбат болсун", - дейт ал.


кошулду
Бишкекте картошка, пияздын баасы 8 сом. Дыйкандар эмгеги акталбай калганын айтышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
uli1234
2018-10-17 19:55:07
Чоң курсактар не кылып атат суйлошпойбу башка мамлекеттер
0
bekmirzach
2018-10-18 09:42:50
Кыргызстандын рыногу кичине болгондуктан биз өндүргөн продукциянын баасы дүйнөлүк рынокго көз каранды. Бул жерден саясат жасоонун кереги жок. Атамтбаевчилердин аяласы түгөнүп ушул жерденда шоу жараткылары келип жатат.
0
Asia3030
2018-10-17 20:01:23
Ошко алып келип саткыла.
Кара-сууда 20 сом картошка,Пияз.
+1
TalaCSKA
2018-10-17 20:20:45
Бир айласын тап чыгымдарды жаппаса аяагы жакшылык менен бутпойт.эх дагы далай ишке жарамдуу жарандарыбыз кетет турбайбы Россия тарапка.
0
Patriot7777777
2018-10-17 20:36:26
Бул да болсо Жээнбековдун бийлигинин элге кылган "жакшылыгы". Окмот иштесе дыйкандар наалат айтып, ичинен ыйлап отурбаган болоор эле. Анан уялбай орточо эмгек акы 16 мин сом, пенсионерлер чет жерлерге барып эс алат дешет уялбай...

Жаздын жамгыры, жайдын саратан аптабы, куздун суугуна карабай канча мээнет кылып, аягында жумшаган чыгымдарын кайтарып ала албаган дыйкандар канча?! Алардын жыл бою кошо эмгектенген балдарычы, кийими, курсактары?!!
+3
Bazake
2018-10-18 09:33:14
Patriot7777777,Жээнбеков эмес сыйкарчы болсо да баалар ушундай арзан болмок. Форумдагылар эми ушул нерседен саясат жасап бийликти жаман корсотууго оттунорбу? Атамбаевдин айынан ми\деген тонна кымбат баалуу жер-жемиштер чирип жок болгондо кайда эле\ер. Азыр дуйнодо азык-тулук арзан болуп жатат. Россияда картошка 4 эле рубль
-2
Kychtyy
2018-10-18 09:53:24
Patriot7777777, Базарда картошка пияз арзан болсо презиленттин эмне тиеши болмок эле. Арзан сага жакбаса канча кылыш керек сен озун барып 25сомдон сатып жейберда. кымбат болсо дагы ыйлайсынар. Сатуучу арзан дейт, алуучу кымбат дейт бул базар философиясы. Куздо жакшы эле баа. Жазда которулот ошондо сатып алып жейбересин женбеков жакшы иштеп баштады картошка кымбаттады деп
-1
Patriot7777777
2018-10-17 20:39:03
Жээнбеков озуно караштууларды кызмат ордуна коюп, шапар тээп, казынаны тоноо менен алек шайкасы менен.....

Карапайым эл болсо кыйналып, арга кеткенде уй-булосун калтырып тентип иштеп журушкону менен иши жок... Эми дыйкандар да мигрант болсун, ансыз да жыл сайын мигрантиарыбыздын саны осуп келет, азайган учур боло элек. Бул да болсо Бийликтин оз элине болгон "камкордугунун" корсоткучу.....
+1
Natun
2018-10-18 09:24:12
Patriot7777777,биринчиден, дүйнөлүк баа арзан болуп жатат. Бир эле бизде эмес, башка өлкөлөрдө да жашылча-жемиштердин баасы арзан. Экинчиден, ар бир дыйкандын өндүргөнүн президент көтөрүп барып сатып бериши керекпи? Ойлонуп жазчы бай болгур
-1
Erik2018
2018-10-18 09:32:35
Patriot7777777,Бул дагы Жээнбековдун кезиндеги арзанчылык болуп жатканынан кабар берет. Кымбатчылык каптаса дагы жазып чыкмаксынар Соке кымбаттады деп. Элдин баарынан пейили онолсун арзан эле болсун. Дүйнүйөгө түркүк болгон ким бар дейсинер. Кичине пейилинерди ондосонор баары жакшы болот.
+1
JaneEr
2018-10-17 21:42:24
Россияда аябай кымбат азыр.Экпорттош керек
+3
titanik32
2018-10-18 07:47:00
Иий бечара дыйкандарга эле кыйын болуптур да.Кийинки жылы картошка пияз сарымсак экбей башка пайда түшө турган нерселерди эккилечи.Эч болбогондо малга беде,эцпарсет,жүгөрү жана башканы эккилечи.Эч болбогондо ордун сугарып кара чөп оруп алгыла.Мамлекет өзү картошка менен элди баксын карасын.Азыркылар бок курсактар эл менен иши жок,булар өздөрүнүн адамдарын бийликке алып келип шайлоо менен алек.
+1
Erik2018
2018-10-18 09:27:26
Эми арзанчылык эле болгону жакшы. Кымбат болсо баягы эле бей бечераларга кыйын алардын жашоосу эптеп өлбө жаным өлбө деп өтүп жаткан чакта жок дегенде арзанчылык эле болуп турсунчу. Ал чет мамлекетке жок дегенде өкмөт экспорттосо жакшы болмок.
0
erikkarakulja
2018-10-18 09:50:34
ушунусуна да шугурлор болсун. откон жылкыдай жондон эле канчалаган момо жемиш жер жемиштер бир эле адамдын айынан миллиондогон сомду чапчыган мээнетер чирип кеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан