Эртең, 18-октябрдан баштап Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаарына 18-октябрда жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн мэрияда шаарга жылуулук берүү маселеси каралып, күз-кыш мезгилдерин өткөрүү боюнча түзүлгөн ыкчам штаб жылуулук берүү чечимин кабыл алган. Буйрукка шаар башчысы кол койду. Биринчилерден болуп жылуулук социалдык мекемелерге берилет.

Буга чейин шаардык мэрия бул жылы да жылдагыдай эле тартип карала турганын маалымдап, абанын температурасы орто эсеп менен +8 градустан көтөрүлбөсө, шаар башчысы жылуулук берүү боюнча буйрукка кол коёрун билдирген. Өткөн аптанын аягында өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөп, кечээ, 16-октябрда көпчүлүк аймактарга кар жаап, бүгүн дале басыла элек. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда учурда абанын температурасы 0°C.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
titanik32
2018-10-17 11:31:19
Ушул жакка жазышка туура келди,жөгөруда Карамушкина сотторго кантип ишенебиз дейт го.Матраимов менен Кулматовду мисал келтирип.Эмне үчүн Садыр Жапаров Текебаев жана башка адамдар соттолуп жатса антип чыркыраган жок.Бул желмогуз атамбайдын сүйлө дегенин сүйлөйт да.ХХХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-10-17 12:30:00
titanik32, эскертүү! Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
0
bekmirzach
2018-10-17 12:34:14
Карамушкина Атамбаевдин биринчи кошоматчысы. Атамбаевге жагалданып кийинки парламенттик шайлоого катышып калуу аракетин кылып жатат.
0
aerforce
2018-10-17 11:32:29
эртеңден баштап күнда жылыйт былтыркыдай болуп паравой иштей берет айнекти ачып жатат экенбизда
+2
Saidochka
2018-10-17 12:42:20
Ошко качан? үч күндөн бери тоңуп атабыз
0
Modric10
2018-10-17 16:33:45
Saidochka,оозунарды ачпай оз аракетинерди кылгыла да.ушугонунор да бироого милдет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан