Конор Макгрегордун басканын туурап мамыга чыккан электрик: "Силер мени туурабагыла, коопсуздук баарынан маанилүү"

Интернет желесинде Конор Макгрегордун басканын туураган видео кызуу талкууга алынган. "Видео тамаша иретинде тартылган, коомго тарап кетерин билген эмесмин" деди Макгрегордун басканын туураган Адилет Асанбеков SUPER.KG порталына.

"Видео Бишкек шаарында тартылган. Түшкү тамактануу учурунда досум келип калды. Ал менен сүйлөшүп жатканда, менден "Электриктер мамыга кантип чыгат? Көрсөтүп койбойсуңбу?" деп суранган. Мен тамаша катары, Макгрегордун басканын туурап мамыга чыккам. Мамынын башына чейин чыккам, бирок аягына чейин мушкердин басыгын уланткан эмесмин. Досум бул учурда мени видеого тартып алыптыр. Тамаша иретинде башка балдарга жиберип, видео интернетке тарап кетти.

Бул видеодо мен коопсуздук эрежесин сактабай мамыга чыкканым үчүн жетекчилик тарабынан тийиштүү чара берилди. Жакынкы арада коопсуздук эрежеси боюнча сынак тапшырам. Азыр ага даярданып жатам", - дейт ал.

Адилет Асанбеков "Түндүк электр" ишканасында 1 жыл 7 айдан бери электрик болуп иштейт. Ал өзү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Мен 21 жаштамын. Чүй облусунун Токмок шаарынын тургунумун, кесибим боюнча электрикмин. Жумуш убактысында андай тамашаларга жол бербешим керек болчу. Видео интернетке тарап кеткенден кийин аны студенттер, балдар жана башкалар дагы көрөт. Алардан мени туурабашын суранам. Анткени коопсуздук баарынан жогору турат", - деп кошумчалады Адилет Асанбеков.


кошулду
Конор Макгрегорду туурап баскан электрик
Конор Макгрегордун басканы
Конор Макгрегорду туурап мамыга чыккан электрик Адилет Асанбеков: “Мени туурабагыла”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
FCB14
2018-11-15 14:15:29
Красавчик Киргизский Конор
+22
Nursbaike
2018-11-15 14:17:39
Красавчик болуп турат . Эми бийлик дагы ушундай нерселерге гана адилеттуу болуп кетти го . Мышык олтургондорго . Журот наркомандар бандиттер опколор
+20
tular
2018-11-15 16:59:42
ТЭЦтеги жегенжерди кустургулачы андан коро, катардагы электрикке тийишпей. Жаш бала экен эми...
+19
erjigit-e.15
2018-11-15 20:16:05
Иним кыжаалат болбо.
+3
Nur777
2018-11-15 23:26:33
За то канча адамга кулку тартуулады бул жигит,жуз миндеген адамдар жыргап кулуп коруп атышты видеону,позитив тартуулаганына рахмат айтам!))))))
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан