Баткен облусунун прокурору киши колдуу болуп каза болду. Анын жансыз денеси суу сактагычтын жанынан табылды

Баткен облусунун прокурорунун жансыз денеси суу сактагычтын жанынан табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычынын аймагынан табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болду.

Учурда бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Кылмышка шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда суракка алынууда. Айрым маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү жергиликтүү тургун экени айтылууда. Анарбай Мамажакыпов ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.


кошулду
Баткен облусунун прокурору киши колдуу каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Flowhive
2018-11-18 10:37:39
Прокуратура кызматкерлери өздөрү күнөөлүү деп ойлойм
+13
Benazir08
2018-11-18 10:48:56
Кутуруп керсейсе жаны чыгып олтуруп салды да наркы киши. Эээ байлык бийлик кунумдук нерсе баарыбыз таза кичипейил болсо гана ааа. Азыр ким кыйын милициялар прокурор лор кыйын адам тоготушпайт...
+10
Djumahmatov
2018-11-18 11:06:20
Качан ушул биздикилер караларды жок кылышат Кыргызстан каралардын эле колунда болуп калды жашоо кыйын болуп калды бул кадамга жергиликтуу тургундун духу жетбейт жакшылап иликтегиле
+14
Medina87
2018-11-18 11:13:23
Акыркы убакта только Баткендиктер киши колдуу болуп каза болуп жаткандары кумондуу ...
Жаткандары жери жайлуу болсун!
-5
daniyar93
2018-11-18 11:24:59
Бул Киши негизи каяктан болот?
-3
Nur777
2018-11-18 12:41:13
Маркумдун жайы жаннаттан болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан