22-ноябрда башталган Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын орнотуу иштери улантылууда. Шаардык мэриядан кабарлангандай, аянтка диаметри 12 метр, бийиктиги 25 метрди түзгөн балаты орнотулуп, ага 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутактар тагылат.
Балатыны жасалгалоо иштерин "Бишкек свет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары жүргүзүүдө. Балатыны 350 даана оюнчук, узундугу 4 миң 900 метр болгон дюралайт зымынан оймо-чиймелер, 240 метр түстүү жарык берген гирлянда, 240 метр болгон мишура кооздойт.
Борбор калааны Жаңы жыл майрамына жасалгалоонун концепциясы Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. Ал "Кышкы жомок" деп аталат.
"Ала-Тоо" аянтындагы фонтан тарапка "Муздан так" деп аталган инсталляция орнотулат. Ал тактын айланасына муз сыяктуу тоолор коюлуп, анда ак илбирс, элик, аркар жана бүркүттөр жүргөндөй жасалгалар коюлат. Аянт жана шаардагы бир катар жайлар майрамга карата кооздолот", - деп жазылат маалыматта.