Киши колдуу болгон прокурордун атасы: "Уулум окуядан бир жума мурун келин алып, той өткөргөн. Ал коррупциянын курмандыгы болуп калды"

"Уулум мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө 1 ай болду. Ал түнү жанында болгондордун бири эле кармалды, акыйкат издеп өлкө башчысына кайрылып жатам" дейт киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов. 77 жаштагы аксакал уулунун өлүмүнө катыштыгы бар прокурорлор да жоопко тартылышын талап кыларын SUPER.KG порталына билдирди.

"Уулумду мындан 1 ай мурун 17-ноябрь күнү ишембиде жоготтум. Бир ай мурун мага ушул суук кабарды туугандарым угузушкан эле. Балдарым алгач менден бул суук кабарды жашырып койгон экен. Анарбай өлгөнүн билишкенден кийин ал тууралуу "ата-энебизге угузбай туралы" деп кеңешиптир. Ошентип Анарбай киши колдуу болгонун анын жансыз денеси табылгандан соң, 6-7 сааттан кийин угузушту. Ичим ачышканы уулумду мыкаачылык менен өлтүрүү үчүн аны унаага салып берген прокурорлор жумушунан четтетилүү менен эле кутулуп кетти. "Тергөө жүрүп жатат" деп эле байланыштырбайт экен. Учурда акыйкат издеп жүрөм. Бул маселеге өлкө башчы да көңүл буруп койсо дейм, балким, тергөө эртерээк аягына чыгып, акыйкат чечим чыгабы деген үмүттөмүн. Ыйлагандан башка айла жок экен. Анарбайым коррупциянын курмандыгы болуп калды. Азыр балдарымдан мурун мен кетпейт белем деп, калган балдарымдын амандыгын тилеп отурам. Төрт кызым, төрт уулум бар болчу, бир уулумдан айрылып калдым", - дейт күйүттө жүргөн ата.

Белгилүү болгондой, маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов каргашалуу окуядан 1 жума мурун келин алып, той өткөргөн.

"Анарбай уулум окуядан 1 жума мурун улуу баласын үйлөнтүп, келин алган болчубуз. Ошого байланыштуу ал эмгек өргүүсүндө жүргөн. Артында 3 уул, 1 кызы калды, улуу баласы аскерден келип, аны үйлөнтүп небере келиндүү болдум деп сүйүнүп отурдум эле. Кичүү баласы болгону 9 жашта. Уулумдун өлүмүнө тиешеси барлардын баары жоопкерчиликке тартылып, жазасын алса экен деп тилейм. Учурда өлкө башчысына мекеме аралык тергөө тобун түзүп, бул окуяны катуу көзөмөлгө алуусун өтүнүп кат жолдодук", - дейт Мамажакыпов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alixan-Nookat.2015
2018-12-17 19:53:27
Сабыр кылыңыз атаке калган өмүрүн балдарына берсин, балаңыздын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!
+8
Nargiza1987k
2018-12-18 14:56:07
Alixan-Nookat.2015,Олгон адамдын калган омуру калбай калган учун олдуда конул айтканда, Жайы жаннатан Болсун бараар жери бейиш болсун деп айтылат. Ата сизге сабр берсин коп сыгыла бербениз ооруп каласыз. Эбептен себеп кылып АЛЛАХЫМ жакшы адамдарды эрте алат экен уулунузду АЛЛАХЫМ мээримине алсын омин.
+1
Nanei
2018-12-17 20:11:26
ИИ кудай сактасын ушундайдан,атага сабыр тилейм. Эч Ким баласын жоктоп ыйлабасын
+9
rysik79
2018-12-18 01:42:32
Аксакалга терен кайгырып конул айтам. Кайрат кылыныз. Кудай бар. Жазаларын алышат ХХХ
+5
duyshon.kg
2018-12-18 19:20:39
Кубатидин ажы сабыр кылыныз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан