"Банктын тиешеси жок". УКМК Зилалиевдики делген долларлар боюнча билдирүү жасады

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы ячейкасы ачылган видео "Оптима банк" тарабынан 2017-жылы тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу 17-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган видео Зилалиевге карата жүргүзүлгөн мыйзамдуу тергөө иш-чараларынын алкагында табылган.

"УКМК видеону декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш ишине кошулганын жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт. Видеодо көрсөтүлгөн акча каражаттарын Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин белгилей кетүү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, ал 7-декабрда кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. УКМК Зилалиевден декларациясына киргизилбеген 889 миң 900 доллар акча табылып, ал акча коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрына чейин сакталганын айтып чыккан.

УКМК тараткан видеодо банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы көрсөтүлөт. Бул видео боюнча “Оптима банк” билдирүү жарыялаган. Аталган банк ал видео бир жыл мурун банктын кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирген. Ячейканы ачууга кардардын ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болуп, акча жана аны ячейкадан чыгаруу учурунда тартылган видео ээсине өткөрүлүп берилгенин кошумчалаган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
terabait
2018-12-18 04:15:20
Мына сага күнүгө 100$ иштеген киши тынымсыз без перерыв 24жыл иштесе Зилалиевдин акчасына жеткирет экен эми салыштыр мен 25 жашта болсом 25 жыл без перерыв иштесем 50гө чыгып жатпаймынбы Ошондо Зилалиев кайдан тапты мынча акчаны демек коррупцияга аралашкан тем более мамлекеттик органдардын айлыгы мынча болбойт байкуш элдин меенетине жем шерик болгондой тыкыр текшерүү керек бирок адилет чечим чыгышын күтөбүз
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан