Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда соттук коллегия Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган эле.
25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.