22-январга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек беттештери уланды. Анда Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамы менен кездешти.
Беттеш "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, БАЭнин жеңиши менен аяктады.
Беттештин жүрүшүндө БАЭ курама командасынын оюнчулары 14-мүнөттө эсеп санын ачты. Буга Кыргыз курамасы 26-мүнөттө Мирлан Мурзаевдин голу менен жооп бергенге үлгүрдү. 2-таймда БАЭ курама командасы кайрадан алдыга чыгып кетсе, 2-таймдын акыркы мүнөттөрүндө Турсунали Рустамов гол киргизип, эсепти 2:2 кылды. Мындан кийин командалар дагы 2 кошумча тайм ойномой болушту. 1-кошумча таймдын аягында Бекжан Сагынбаев айып аянтчанын ичинен оюн эрежесин бузуп, БАЭ курамасы пенальти тепти. Аны БАЭнин оюнчусу ийгиликтүү аткарып, эсепти 2:3 кылып койду.
Муну менен БАЭ курамасы мелдештин чейрек финалына чыкса, Кыргыз курама командасы мелдештен четтеди.
Кыргыз-БАЭ беттешинин хронологиясын бул жактан окуй аласыздар.