22-январга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун алкагында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ менен беттешкен. 120 мүнөттүк оюндун жыйынтыгында Кыргыз курамасы 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Беттештен кийин маалымат жыйын өтүп, ага Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин катышты.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Алгач бизге колдоо көрсөтүп, санаа тарткан кыргыз күйөрмандарын куттуктайм. Колдооңорго чоң рахмат. Балдарга, командага, машыктыруучулар штабына жана буга тиешеси бар бардыгына терең ыраазычылык билдирем. Биз чоң жумушту аткардык, тилекке каршы, мелдештен четтеп калдык. Атаандашыбызды жеңиши менен куттуктайм жана ийгилик каалайм.
- Калыстык жөнүндө айтсаңыз. Пенальти болду беле?
- Пенальти болгон учурду карап көрүш керек. Мен калыстардын жумушун сындабайм. Биздин өзүбүздө гол киргизгенге бир топ учурларыбыз болгон, ал мүмкүнчүлүктү колдонуп голдорду киргизишибиз керек болчу. Пенальтини адистер көрсүн.
- Атаандаштардын оюнун кандай баалайсыз?
- Биз атаандашыбыз талаанын ортосунда оюн көрсөтө албай жатканын билип турганбыз. Алар алыстан узатылган чыгаруулар менен ойноп жатышты, ошондуктан биз коргонууда ойнодук. Мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай калганыбызга өкүнөм. Биз бул оюнда бир голго аз киргизип, көбүрөөк ката кетирдик. Эми алдыга умтулабыз.
- Мелдеш тууралуу айта кетсеңиз, кандай болду?
- Мелдеш жөнүндө жалпы оюм жакшы. Тилекке каршы, четтеп калдык. Биз биринчи жолу ушундай мелдеште ойноп жатабыз. Бул акыркы эмес деп айтып кетем.
- Орто Азиядан көп командалар ийгиликтүү катышты. Азия Кубогунда 24 команда ойногону туура деп эсептейсизби?
- Азыр футбол бардык мамлекеттерде өнүгүп жатат. Алардын арасында Өзбекстан, Түркмөнстан жана башкалар. Өзбекстандын курамасы - Азиядагы алдыңкы командалардын бири, Түркмөнстан менен биз бир жолдо бара жатабыз. Азия Кубогунда 24 команда бул жакшы деп эсептейм.
- Мындай жетишкендиктердин түшүмүн жоготпош үчүн эмне кылуу керек?
- Ушундай жол менен алдыга умтулуп, иштей беришибиз керек. Байкасаңар, биз оюн болгон сайын алдыга жылуу бар экенин көрсөтүп жатабыз. Биздин жумушту түшүнүш керек, бизди материалдык жана техникалык жактан колдоо зарыл. Булар болсо бардыгы жакшы болот. Муну жоготпоо үчүн дагы өнүгө бериш керек.
- Азия Кубогунда катышканыбыз Кыргыз өлкөсүн жаңы стадионго жакындатабы?
- Албетте, жаңы стадион болсо жакшы болмок. Өнүгүү үчүн бизге жаңы стадиондор керек.