Жөө күлүк Дарья Маслова Ташкентте өткөн мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдеш бүгүн, 24-мартта өтүп, ага бир нече мамлекеттен келген 2 миң 500дөн ашык спортчу катышты.
21 чакырым 97 метр аралыктагы жарым марафондо Кыргыз жеринен барган Дарья Маслова алтын медалды жана 12 миллион сум (болжол менен 100 миң сом) өлчөмүндөгү байгени жеңип алды. Аталган аралыкты Маслова 1 саат 12 мүнөт 30 секундда басып өткөн.
Мындан сырткары эркектер арасындагы мелдеште кыргыз спортчулары Адилет Кыштакбеков күмүш медалды багындырып, 10 миллион сумга (болжол менен 83 миң сом) ээ болсо, Илья Тяпкин марага 4-болуп келип, 7 миллион сумга (болжол менен 58 миң сом) ээ болду.