"Акнет" компаниясынын жаңы президенти болуп Нурбек Абасканов дайындалды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ "Акнеттин" үлүш ээлеринин жыйыны өтүп, үчөөнүн экөө Нурбек Абаскановго добуш беришти. Ал компаниянын туруктуу иштөөсүн камсыздоону, ачык-айкындуулукту жана мындан ары өнүгүүнү убадалады. Андан соң Абасканов компаниянын жамаатына тааныштырылды.
Нурбек Абасканов буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгон деген маалымат тараган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. 2019-жылдын 28-майында "Акнеттин" президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.