Алмазбек Аатмбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чыккан жаңжалдан спецназ жаракат алып, каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Белгилүү болгондой, 7-августта саат 22:50 чамасында Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборуна атайын даярдыктагы жоокер келип түшкөн. Анын көкүрөк тушуна ок тийген. 8-августка караган түнү саат 00:40та спецназ каза болгону маалым болгон.