Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын туугандарына таандык камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесин жарыялаган. Буга байланыштуу Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Башкы прокуратура атамдын жана туугандарыбыздын камакка алынган мүлктөрү боюнча коомчулукту атайлап манипуляция кылып жатат.
Атамбаевге таандык делинип жана камакка алынган 120 мүлк боюнча айткым келет, себеби анын көбү бизге жана туугандарыбызга таандык эмес. Мындай маалыматтарды ЖМКга чыгаруу менен бийлик бизди каралап жатат.
Баса белгилеп кетчү жагдай, 120 мүлктүн ичинен 101 мүлк Атамбаевге жана анын туугандарына эмес, 2007-жылдан бери биз ээлик кылбай калган "КыргызАвтомаш" ААКсына таандык. Башкы прокуратуранын 1996-жылы эле заводдун жумушчуларына сатылган батирлерди да бизге жазып койгондугу өтө жарашпаган иш болду.
Жалган маалыматтан турган тизмени карап нес болдум. Керек болсо, Нариман Түлеевге таандык делген банкта да биздин акча каражатыбыз бар экен. Ооба, банкта бизге тиешелүү эсеп бар. Бирок ал 2002-жылдан бери "Кыргызстан" коммерциялык банкында болгон, ал кезде банкка Шарипа Садыбакасова ээлик кылчу. Башкы прокуратура өлкөдөгү бардык банктарды эле тизмеге кошуп койгондой элес калтырат. Атүгүл, Пакистандын улуттук банкынын филиалдарын да тизмеге киргизип койгон көрүнөт.
Башкы прокуратура соттун чечими чыга электе эле тартып алынган унааларды жарыялоодон да тартынбаптыр. Унаалардын баарын 1990-жылдары жана 2000-жылдары чыккан деп көрсөткөн.
"Апрель" телеканалынын банкта ячейкасы, Жалал-Абадда эч кандай мүлкү, телеканалга тиешелүү радио же телеборбору жок экендигин ишенимдүү айта алам.
Мындан сырткары, кыргыз контентин өнүктүрүү менен алектенген, курамында көптөгөн телеканалдар бар телерадио уюмдар ассоциациясына ээлик кылбайбыз. Кой-Таштагы үйдөн башка мүлктөрдү атам президент боло электе эле сатып алган. Тизмеге 1985-жылы каза болгон чоң атам салган үйдү да кошуп коюшкан.
Атам өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн каражаттарын да көп жумшаган. Президенттик фонддогу 50 миллион сомдон турган бюджеттик каражаттан тышкары, Алмазбек Шаршенович аракети менен өлкөгө 1 миллиард 200 миллион сом алып келген. Ага балдар аянтчалары курулуп, мектептерге компьютерлер сатып алынып, китептер чыгарылып, ар кандай эстеликтер тургузулган. Мамлекеттик резиденцияда экс-президент Алмазбек Атамбаевге турак жай берилиши керек болчу, бирок атам ал жакка өз каражатына үй салып мамлекеттин балансына өткөрүп берген.
Атам 1990-жылдын башынан бери ийгиликтүү бизнесмен жана меценат катары таанымал экенин эске салгым келет. Өзүнүн байлыгын ал мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп топтогон эмес, анын баарын бизнес кылып тапкан. Биз эч качан байлыгыбызды жашырып же каражаттарыбызды бекиткен эмеспиз", - дейт Кадыр Атамбаев.