Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыкты

Бүгүн, 29-августта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралды.

Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылы февраль айында Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып, өлкөгө кайтып келгенде УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Текебаев менен Чотонов сот залынан дароо тарапташтарына чыгып жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Oreanda
2019-08-29 16:35:32
Баракелде! Эми, Садыр Жапаровдун ишин да, адилеттуу карап бергиле.
+36
Muslim_KGstana.
2019-08-29 16:35:56
Ихууууууу
Садыр Жапаровду да карап бергиле эми
+28
.Sheke-brat.
2019-08-29 16:37:09
Кудай жалгасын, ушунчасына шүгүр "ак ийилет бирок сынбайт"!
+28
Jiznmalina
2019-08-29 16:41:47
Ак ийилет,бирок сынбайт!
+20
Mambetali
2019-08-29 16:54:31
Жээнбековтор менен кандай келишим туздунуз экен эми Омурбек мырза... Айтбаса деле белгилуу Атамбаевти чукугандай Жээнбековту чукулай албайсго дейм...
+3
mirkaa5182
2019-08-29 17:01:03
Жакшы иш болуптур...
+6
Alia82
2019-08-29 17:02:08
Чыкканы жакшы, куттуктайбыз бирок ошол курч бойдон экенсизби же мизинизди кайтарыштыбы. Сиздей грамотный саясатчы элибизге керек...
+12
Shanshieva
2019-08-29 17:16:50
Эн сонун жанылык .Омурбек Чиркешович Эми Эл учун кызмат кылышынызга ишенебиз . Сизге Ден соолук каалайбыз . Москвада квартирада баарыбыз суйунуп олтурабыз .
+4
TIMON_BERKOWITZ
2019-08-29 17:31:51
Кыргызда 118 жепжутат, 1 какылдак жана 1 депутат бар. Текебаев өтө күчтүү юрист. Колдонуп калыш керек! Анан Ашанын косяктарын чукуш керек Дача Суу боюнча.
+6
Take_men
2019-08-29 21:09:05
TIMON_BERKOWITZ, хе хе какылдагың ким эле
+1
oSporte
2019-08-29 22:11:35
Take_men,Ушуда
+1
aslonur
2019-08-29 17:34:53
Дуйшонкул байке кыйналыптыр
+2
bekmaral
2019-08-29 19:25:11
Жапаровду чыгар!Адам болсон Жапаровду чыгар!Душманыма дагы каалабайм Жапаровдун тагдырын!Адам болгула силерден суранам.
+9
Asking-
2019-08-29 19:44:25
Дагы бир жолу айтам Текебаев кыргыздын атасы ал эч качан келишим тузбогон бийлик тузсо ошол убакта кечирим сурап чыгып кетмек. Чындыкты кутуп журду. Акча турган жерде чындык ыйлайт. Чындык чындык деп ушунча убак отурду. Толкунданып ыйлап жибердим чыкканын коргондо. Баракелде сабырдуулугунузга.
+2
Jaznura
2019-08-29 20:48:08
Текебаев эми саясий интрига менен алек болбой өз оокатын жасашы керек. Анын саясий карьерасы соңуна чыкты
+6
Take_men
2019-08-29 21:10:08
Jaznura, эч качан соңуна чыкпайт го кызыктын баары эми башталат охоо
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан