Жаңы Зеландиядагы Уайт-Айленд аралындагы жанар тоо атылып, 5 адам каза болуп, 30га жакын киши дайынсыз болууда

Жаңы Зеландиядагы Уайт-Айленд аралында жайгашкан жанар тоо атылып, анын кесепетинен 5 адам каза болду, дагы 30га жакын адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жаңы Зеландиянын полиция кызматы кабарлаганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 18 адам ар кандай деңгээлдеги күйүктөрдү жана жаракаттарды алганын кабарлашкан. Жабыр тарткандардын арасында чет элдик туристтер да бар.

Белгилей кетүүчү жагдай, жанар тоонун атылуусу мындан 6 жыл мурун катталган. Буга чейин Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн жанар тоо атылган жерде болжол менен 100гө жакын киши болгондугун айткан. Мындан улам каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн деген кооптонуу бар.

Буга чейин сейсмологдор Уайт-Айленддеги жанар тоо козголуп жаткандыгын билдиришкен. Бирок бул маалыматтан кийин да туристтердин агымы азайган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан