"Эс-учун билбеген абалда жатат". Дарыгер Асел Кадырбекованын алган жаракаттары тууралуу айтты


Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканада жаткандыгы маалым болгон. Ырчы дарыланып жаткан Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбековго байланышып, бейтаптын абалы тууралуу сурадык.

"Учурда бейтап оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Баш мээсинен ачык жаракат алган, моюн омурткасы жана акыреги сынган. Субарахноиддик кан кетүү болгон. Ал дагы эле эс-учун жоготкон абалда жатат. Абалы өтө оор деп бааланууда", - деди дарыгер.

Жол кырсыгы кечээ, 26-июнда саат 15:47де Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинда катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алган.

SUPER.KG порталы ырчынын батыраак айыгып кетишин каалайт.

Бишкекте жол кырсыгы катталды
Бишкекте 3 адам жаракат алган автокырсык
Бишкекте ооруканалар албай койгон бейтап унаада отурган жеринде кайтыш болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (59)
Perfekt
2020-06-27 16:15:21
Негизи шаар ичинде 50 ылдамдык менен эле айдаш керек болчу. Бизде кобу катуу ылдамдыкта айдашат. Ушундай кырсыктар коп болот.
0
nazi25
2020-06-27 16:29:25
Шыпаа берсин Аллахым. Кичинекей кызың үчүн жашоого кайт Асель.
-1
fanatka19
2020-06-27 17:01:45
Пешеходко жакындаганда скоростту азайтканда мындай болбойт болчу.
+5
Jadyrashka
2020-06-27 17:46:03
Аллахым шыпаасын берсин.
0
Safiya91
2020-06-27 18:08:51
Аллах айыгып кетсин.
0
vikidiki
2020-06-27 19:04:53
Аллах колдой кор! Кызынын бактысына аман болсун! Жапжаш ,жакшынакай айым эле.
0
Bekish-
2020-06-27 22:58:57
Асел мукуратты деп жаттыңар эле
0
Nur777
2020-06-28 00:01:49
Асель ун чыгарып,колун кыймылдатып жатат дейт,бирок эсине келе элек экен,бул да болсо бир жылыш...Буюрса жакшы болуп кетет.
+2
sale-81
2020-06-28 00:02:00
Сакайып кетишинди каалайм
-1
Anarik87
2020-06-28 00:27:13
Аллахым шыпа бер сакайып кет аман-эсен жубайын мандайында,кызындын,апандын мандайында аман бол сени кутобуз Оо Аллахым озунгана жараттуучу, мээримдүү,шыпаа берүүчү затсын кырсык тарткан пендене өмүр ,денсоолук,шыпаа берегор оомиин
-1
KG_7755
2020-06-28 00:28:08
Алла Таала шыпаасын берип, эртерээк айыгып кет Асель. Кырсыкка себепкер айдоочу шаар ичинде акырын эле жүрсө болбойт беле, алтындай болгон жар, жаш энени ушундай абалга жеткирбей.
0
Ariz0112
2020-06-28 07:44:44
Кудайым айттырбай келген кырсыктан өзүн сакта. Асельге Аллахым өзү шыпаа берсин айыгып кетсин кызынын бактысына.
-1
kulundu.89
2020-06-28 09:15:39
Кудай шыпаасын берсин Аселге. Бирок врачтар кабыл албай койгон бейтап машынада жан бергени туура эмес иш болуптур. Гиппократтын анты каякта калды?
-1
Tiken
2020-06-28 09:30:22
Жаша Асель!!! Сен учун дуа кылдым, жалпы журттун батасын Жаратканым кабыл алды деп ишенем!!!
0
asash
2020-06-28 11:01:07
Ээ карындашым жаман иш болуптур, ана опкосу жок шаардын ичинде эмне мынча катуу айдайт,машина айдоо маданияттын уйронсок,негизи болуп жаткан кырсыктар баары озубуздун кайдыгерлигибизден болуп жатат, коом онолуш учун ар бир адам озун ондош керек, прежде чем сидеть за рулём, озуно суроо бериш керек, мен правилону билемби, кандай правила бар, копчулук айдоочулук куболукту сатып алган, ар бир уч айда МВД экзамен кылып туруш керек, ошондо озгорбосо, бул жол кырсыгынан каза болгондор жылына 1000ден аш
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан