"Орун жок!". Ысык-Көлдөгү аймактык ооруканасы бейтаптарды кабыл албай калдыбы? Министрликтин өкүлү жооп берди

Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасына коронавирус инфекциясына жана пневмонияга кабылган бейтаптар орун жок деп кабыл алынбай жатканы айтылды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдирүү жазышып, сүрөт менен бөлүштү.

Сүрөттөн оорукананын эшигине илинген "орун жок" деп жазылган барактарды көрүүгө болот.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ыскы-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаевге байланышканыбызда кошумча орундар даярдалганын айтып, буларга токтолду.

"Облустук ооруканада орундар толуп калгандыгына байланыштуу кошумча 180 орун даярдалган. 100 орун "Алтын балалык" санаторийинде, 80 орун кургак учукту дарылоо ооруканасында ачылган. Аймактык бейтапканага эмес, кошумча даярдалган медициналык жайларга барыңыздар, ал жакта орундар көп, жетиштүү", - дейт Сагынбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2020-07-15 18:45:52
Туберкулёздон башка жер тапкан жоксунарбы?
0
Aimani
2020-07-15 19:01:17
TalaCSKA,өлгөндүн үстүнө көмгөн кылалы дешкен го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан