Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 25-июлда каза болгону кабарланган. Анын өлүмү боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирүү таратты.
Анда Азимжан Аскаров 9-июлда алсырап, дене табы көтөрүлүп жатканын кайрылганы айтылат.
"Медициналык кароодон кийин ага дарыгерлер тарабынан бир нече жолу Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү абагынын ооруканасында дарылануу сунушталган. Аскаров кескин түрдө баш тарткан.
16-июлда Акыйкатчы аппаратынын профилдик бөлүмүнүн кызматкерлери Азимжан Аскаров менен жолугуп, анын ден соолугу тууралуу сүйлөшкөн. Аскаров түзөтүү абагына которулуп, дарыланууга макул болбой тургандыгын билдирген (Акыйкатчынын расмий пресс-релизинде көрсөтүлгөн).
Дарылануудан баш тарткандыгына карабастан 24-июлда Аскаров текшерүүдөн өтүү үчүн күч менен №47 түзөтүү абагынын ооруканасына жиберилген.
Алдын ала оң жактуу пневмония диагнозу коюлган соттолуучу №47 түзөтүү мекемесинин ооруканасына кабыл алынары менен кычкылтек концентраторуна кошулган. Бул учурда анын сатурациясы (кандагы кычкылтектин өлчөмү) 80-83 болгон. Бейтап катуу каршылык көрсөтүп, кычкылтек концентраторунун бет кабын алып салган. Аскаров нөөмөтчү дарыгердин көзөмөлүндө болгон.
25-июлда эртең менен саат 09:30 чамасында Аскаров өз алдынча кычкылтек концентраторун өчүрүп, саат 10:30 чамасында биологиялык өлүм катталганы аныкталган.
Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат.
Ал эми Аскаровдун №47 түзөтүү абагынын ооруканасына кабыл алынгандан кийин дарылануудан баш тартуусу боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн",- деп айтылат маалыматта.
Азимжан Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал өз күнөөсүн моюнуна албай келген.
Айыптуу Азимжан Аскаров жүрөктүн коронардык оорусу, атеросклероздук кардиосклероз, коронардык жана мээ тамырлардын атеросклерозу, өнөкөт холецистит жана панкреатит, сол бөйрөктүн өнөкөт пиелонефрити диагнозу менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келген.