Жылнаама, 12-ноябрь: Комузчу, ырчы Кундуз Таштаналиева жана орусиялык актриса Людмила Гурченко туулган
*1983-жылы ырчы, комузчу Кундуз Таштаналиева жарык дүйнөгө келген (30 жыл мурун).
Комузда кол ойното билген жана мукамдуу үнүн улуу муун, жаш муун дебей жактырган ырчы Талас облусуна караштуу Манас районунун Чоң-Капка айылында туулган. Анын аткаруусундагы “Сакта”, “Түшүмө кирдиң түндө сен”, “Күтүлбөгөн жаз” жана башка чыгармалары элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгону белгилүү. Учурда Кундуз Таштаналиева “Камбаркан” фольклордук ансамблинде эмгектенет.
*1935-жылы бүтүн совет элинин сүйүктүү актрисасы Людмила Гурченко туулган (78 жыл мурун).
Чыгармачылык жолунда кыйын кырдаалдарга туруштук берген актриса 1956-жылы студент кезинде Элдар Рязановдун "Карнавал түнү" (“Карнавальная ночь”) аттуу фильминде биринчи ролун жараткан. 1958-жылы "Гитарасы бар кыз" (“Девушка с гитарой”) фильмине тартылгандан кийин ага музыкалуу фильмдерди тарткан режиссёрлордон чакыруу түшө баштаган.
Мындан сырткары “Согушсуз он эки күн” ("Двенадцать дней без войны"), “Эки адам үчүн вокзал” ("Вокзал для двоих"), “Механик Гавриловдун сүйүктүү аялы” ("Любимая женщина механика Гаврилова"), “Сүйүү жана кептерлер” ("Любовь и голуби") жана башка тасмаларда тартылган. Орус өнөрпозу, СССР эл артиси Людмила Гурченко 2011-жылы 30-мартта 76 жашында каза болгон.
*1935-жылы Бишкекте Надежда Крупская атындагы орус драма театры ачылган (78 жыл мурун). Учурда аталган театр жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүрөт.
*1996-жылыИндиянын борбору Дели шаарынын "Чархи-Дари" аэропортунан учуп чыккан Сауд Арабиясына тиешелүү Боинг 747 учагы менен Казакстанга тиешелүү Ил-76ТД учагы кагышкан. 359 киши каза болгон (17 жыл мурун).
Кундузду туулган куну менен чын журоктон куттуктаймын, уй-булоолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалаймын, сулуулугуна уну топ келген кыргыздын чыгаан ырчы кыздарынын бири.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.