Афиша, 14-ноябрь: Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата Эл аралык "ART-ORDO" театралдык фестивалы башталат

Бишкекте 14-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата IV Эл аралык “АРТ-ОРДО” театралдык фестивалы башталат.

Фестивалдын программасы:

10:00 - 12:00 - Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Алгачкы аңчылык” спектакли көрсөтүлөт.

14:00 - 15:30 - Ч.Айтматов атындагы Улуттук мамлекеттик орус драма театрында Жамбыл облустук орус драма театрынын “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” спектакли көрсөтүлөт.

15:40 - 16:50 - Мамлекеттик тарых музейинде экспонаттарды көрүү.

17:00 - 20:00 - Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык “АРТ-ОРДО” театралдык фестивалдын салтанаттуу ачылышы болот. Андан кийин П.А.Ойунский атындагы Якутия академиялык драма театрынын “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” спектакли көрсөтүлөт.

Бишкек шаары:

Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча кыз-келиндер жана уландар арасындагы Кыргызстандын чемпиондугу өтүүдө. 13-ноябрда башталган мелдеш 16-ноябрга чейин уланат.

"Октябрь" кинотеатры

14-ноябрь:

"Любовь Москвы" (мелодрама) Кызыл залда. 15:20, 19:30. 60-140 сом

"Доно Вики" (комедия) Кызыл залда. 15:50. 80-120 сом

"Сталинград" (3D, драма, боевик) Кызыл залда. 18:20, 20:50, 23:15. 220-270

Ош шаары

14-ноябрь: "Ак-Буура" кинотеатры

"Мурут" (кинокомедия). Сеанстары 12:00, 17:20, 20:00. Билеттин баасы - 100 сом

"Үңкүр" (мистикалык детектив). Сеанстары 13:30, 18:30. Билеттин баасы - 100 сом

"21-декабрь" (кинокомедия). Саат 15:20да башталат. Билеттин баасы - 100 сом


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
lenovo
2013-11-13 20:37:46
Uramattuu Admin sizdin oiunuz degen jaka men kantip dobush bersem bolot?(tutundurup koiunuz4u surany4)
0
admin_superstan
2013-11-14 09:39:44
lenovo, Саламатсызбы!
Сиз азыр КОНОК тайпасындасыз. Бул тайпадагылар сурамжылоого катышып, добуш бере алышпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан